"Эркин-Тоо"

ТИМ кыргызстандыктарды Тажикстанга барбай турууну сунуштады. Себеби

КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына Тажикстанга ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну дагы бир ирет сунуштайт.

Министрликтен белгилешкендей, тажик тарап Тажикстанга расмий билдирүүсүз кирүүнү чектөөнү улантууда.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, Душанбе шаарындагы эл аралык аэропортко келген учурда, чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюуда. Мындай жагдайда авиабилеттерди сатып алууга жана транзиттик зонада кайтып келүүчү каттамды күтүүгө байланыштуу кошумча финансылык чыгымдар пайда болот.

Тажикстанга кирүү жана чыгуу боюнча керектүү маалыматты жана консультацияларды алуу үчүн КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин ишеним телефондоруна жана Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине төмөнкү номерлер боюнча кайрылууга болот:

  • +996 999 312-002 — КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (Бишкек шаары);
  • +992887782223 — Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги (Душанбе шаары).

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!