Тиш пастанын адам өмүрүнө коркунучу аныкталды
Америкалык изилдөөчүлөр тиш пастасында кант диабетинин пайда болушуна алып келген заттардын бар экендигин аныктады. Изилдөөгө таянсак, аталган зат E171 титан диоксиди деп аталат. Химиялык зат аппак түс берген касиетине байланыштуу, тамак өндүрүшү менен косметологияда көп колдонулат.
Адистердин айтымында, ушул химиялык элементтин пайда болушунан кант диабетинин экинчи тиби менен ооруган адамдардын саны өскөн.
Профессорлор сөзүнүн далили катары эксперимент жасап, ага 11 адамкатышкан. Тажрыйбаны нжүрүшүндө алардын уйку безинин ткандарын текшерүүгө алышкан. Натыйжасында 8 адамдан титан диоксиди табылган, алардын баары кант диабетинин экинчи тиби менен ооруганы аныкталган.
Адистер калган үч адамдан бул затты тапкан эмес.
Ошентип, изилдөөчүлөр титан диоксиди экинчи типтүү кант диабетин жараткан заттардын бири болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен.