Тогуз коргоол боюнча таймаш башталды
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кызуу таймаштарынын катарына тогуз коргоол да кошулду. «Евразия» пансионатында улуттук акыл оюнунун мелдештери старт алды.
Алгачкы күндөн тарта оюнга 127 спортчу катышып, күч сынашты. Алардын ичинен 67си эркектер, 60ы кыз-келиндер.
Тогуз коргоолдун тактикасы, логикасы жана эсептөө чеберчилиги сыналган беттештер азыр да уланууда. Алдыда спортчуларды чечүүчү оюндар жана байгелүү орундар үчүн курч таймаштар күтүп турат.