Токмокто салыкчылар кармалды

6-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 27

Токмок шаардык салык кызматынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматта кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча мурдагы башчысы Н.М.М., киреше боюнча бөлүм башчысы О.Э.Б., салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы З.Б.З. жана жеке ишкер М.Р.С. кармалганы айтылган. Алар жеке ишкер Х.А.Х.нын тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында бир бүтүмгө келип алышып, мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтарды атайылап бурмалашкан. Ошондой эле республикалык бюджетке 8 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтиришкен. Салыкчылар №1 тергөө камак жайына киргизилгени белгилүү болду.

6-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X