Токон Мамытов, генерал-лейтенант: Жаңы коркунучтарга эски ыкмалар менен каршы туруу мүмкүн эмес
Терроризм, экстремизм, трансчек аралык кылмыштуулук жана киберкоркунучтар күчөп жаткан шартта ШКУнун коопсуздук кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда. Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында бул багыттагы жаңы демилгелер, жаштар менен иштөө жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланууда. Ушул жана башка маселелер боюнча генерал -лейтенант Токон Болотбекович Мамытов менен баарлаштык.
— Токон Болотбекович, терроризм, экстремизм жана трансчек аралык коркунучтарга каршы күрөштө ШКУнун биргелешкен аракеттеринин натыйжасы байкалып жатабы?
-Ооба, натыйжа бар. Бирок аны туура өлчөө керек. ШКУнун терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун терроризм толугу менен жоюлду деген көрсөткүч менен эмес, мамлекеттердин коопсуздук органдарынын маалымат алмашуусу, ыкчам кызматташуусу, биргелешкен машыгуулары, алдын алуу иштери жана укуктук механизмдеринин бекемделиши менен баалоо туура. Бул багытта ШКУнун Регионалдык терроризмге каршы түзүмү — РАТС — маанилүү роль ойноп келет. Уюмдун алкагында терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы атайын кызматтардын жана башка компетенттүү органдардын туруктуу өз ара аракеттенүү системасы түзүлгөн.
ШКУга мүчө мамлекеттер биргелешкен антитеррордук машыгууларды өткөрүп, маалымат жана тажрыйба алмашып келишет. Мындан тышкары, 2025-жылы Тяньцзинь саммитинде коопсуздук тармагындагы жаңы институттарды түзүү боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынган. Анын ичинде ШКУнун Баңгизатка каршы борбору жана ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы универсалдуу борбору боюнча келишимдерге кол коюлуп, аларды ишке киргизүү процесси башталган. Бул универсалдуу борбордун курамында Ташкентте Маалыматтык коопсуздук борбору, ал эми Бишкекте Трансчек аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы борбор каралган. Ошондой эле экстремисттик идеологияга каршы 2026–2030-жылдарга программа кабыл алынган.
Демек, ШКУнун коопсуздук системасы реакцияга негизделген моделден алдын алууга жана институтташууга басым жасаган моделге өтүп жатат деп айтууга болот. Бирок, жаңы коркунучтар да пайда болууда. Террористтик жана экстремисттик уюмдар интернетти, социалдык тармактарды, санариптик каржы инструменттерин жана жаңы технологияларды пайдаланып жатышат. Ошондуктан ШКУнун антитеррордук кызматташтыгы да жаңы технологиялык шарттарга ылайыкташтырылышы зарыл.
— Киберкылмыштуулук күчөп жаткан шартта ШКУнун киберкоопсуздук боюнча кызматташтыгы кандай жаңы деңгээлге чыгышы керек? Кыргызстандын төрагалыгы кандай демилгелерди сунуштай алат?
— Киберкоопсуздук ШКУнун коопсуздук күн тартибиндеги өз алдынча стратегиялык багытка айланышы керек. Анткени бүгүнкү күндө киберчабуул бир гана мамлекеттин көйгөйү эмес. Ал бир эле учурда мамлекеттик башкаруу системасына, банк секторуна, энергетикага, транспортко, байланыш системаларына, суу инфраструктурасына жана жарандардын маалыматтарына коркунуч жаратышы мүмкүн. 2025-жылдагы Тяньцзинь саммитинен кийин ШКУда маалыматтык коопсуздук боюнча атайын борборду түзүү процесси башталганы өзгөчө маанилүү. Кыргызстандын төрагалыгы бул процессти конкреттүү мазмун менен толуктап, төмөнкү демилгелерди алдыга чыгара алат.
Биринчиден, ШКУ мамлекеттеринин киберкоркунучтар тууралуу ыкчам маалымат алмашуу системасын түзүү.
Экинчиден, мамлекеттик жана стратегиялык инфраструктураларга жасалган киберчабуулдар боюнча биргелешкен жооп кайтаруу механизмин иштеп чыгуу.
Үчүнчүдөн, киберкылмыштарды иликтөөдө электрондук далилдерди алуу жана өткөрүп берүү боюнча мамлекеттер аралык укуктук кызматташууну күчөтүү.
Төртүнчүдөн, ШКУ өлкөлөрүнүн жана башка киберкоопсуздук борборлорунун туруктуу тармагын түзүү.
Бешинчиден, жыл сайын ШКУнун масштабында киберкоопсуздук боюнча командалык-штабдык машыгууларды өткөрүү.
Алтынчыдан, жасалма интеллектти террористтик, экстремисттик жана кылмыштуу максаттарда пайдаланууга каршы биргелешкен чараларды иштеп чыгуу. Бул Кыргызстандын төрагалыгынын артыкчылыктарына да түздөн-түз туура келет. Кыргызстан 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагында санариптик трансформация менен катар киберкоркунучтарга каршы аракеттенүүнү артыкчылыктуу багыт катары белгилеген.
Мындан тышкары, эл аралык укуктун позициясынан алганда, бул кызматташтык мамлекеттердин санариптик эгемендигин, БУУнун Уставын жана мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принцибин сактоо менен жүргүзүлүшү керек. 2026-жылдын июль айында Чолпон-Атада өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында да коопсуз жана адилеттүү санариптик мейкиндикти түзүү, мамлекеттердин технологиялык эгемендигин урматтоо жана БУУнун алкагында маалыматтык коопсуздуктун универсалдуу стандарттарын өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.
— Терроризм жана экстремизмдин алдын алууда жаштар менен иштөөдө ШКУ кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат?
— Бул жерде принципиалдуу маанилүү нерсе бар. Терроризм жана экстремизм менен күрөшүү күч түзүмдөрүнүн гана иши эмес. Күч түзүмдөрү коркунуч пайда болгондо аракет кылат. Ал эми коом, билим берүү системасы, үй-бүлө, жаштар саясаты жана маданият радикалдашуунун себептерин алдын ала азайтууга тийиш. ШКУнун мүмкүнчүлүгү дал ушул жерде чоң. 2026-жылы Бишкекте ШКУнун Жаштар кеңешинин 19-жыйыны өткөрүлүп, жаштар уюмдарынын кызматташуусун кеңейтүү, гуманитардык байланыштарды күчөтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, Кыргызстанда 2026-жылы ШКУга мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндары өткөрүлдү. Бул маданий жана гуманитардык байланыштар аркылуу жаштардын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү күчөтүүгө шарт түзөт. Муну коопсуздук саясаты менен дагы тыгыз байланыштырууга болот.
Мисалы:
´ ШКУнун «Жаштар жана радикалдашуунун алдын алуу» программасын түзүү;
´ жаштар арасында медиасабаттуулук жана санариптик коопсуздук боюнча биргелешкен программаларды өткөрүү;
´ университеттер аралык илимий-изилдөө долбоорлорун колдоо;
´ жаш лидерлердин ШКУ форумун системалуу өткөрүү;
´ маданий, спорттук жана билим берүү долбоорлорун кеңейтүү;
´ жаштардын интернеттеги радикалдык идеологияга каршы иммунитетин күчөтүү;
´ дин таануучуларды, психологдорду, педагогдорду, саясат таануучуларды жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн биргелешкен программаларга тартуу.
Бул жерде негизги формула «жазалоо эмес алдын алуу; бөлүп-жаруу эмес диалог; радикалдашкандан кийин гана реакция кылуу эмес анын себептерин эрте жоюу» болушу керек.
— ШКУ киберкоркунуч, баңгизат, чек ара коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдар сыяктуу чакырыктарга бирдиктүү жооп бере алган күчтүү региондук механизмге айланып баратабы?
— Ооба, мындай багыт байкалууда. Бирок ШКУну азырынча толук калыптанган жамааттык коопсуздук уюму деп атаганга болбойт. Бул айырмачылыкты саясий жана укуктук жактан так сактоо керек.
ШКУ НАТО сыяктуу өз ара аскердик коргонуу милдеттенмеси бар аскердик блок эмес. Уюмда жалпы аскердик командачылык же бирдиктүү куралдуу күчтөр жок. ШКУ өзү да өзүнүн расмий материалдарында аскердик блок эместигин белгилейт. Бирок анын коопсуздук жаатындагы кызматташтыгы акырындап комплекстүү болуп жатат. Бүгүн бул системага терроризм, экстремизм, сепаратизм, трансчек аралык уюшкан кылмыштуулук, баңгизат жүгүртүү, киберкоркунучтар, чек ара коопсуздугу, өзгөчө кырдаалдар сыяктуу багыттар кирип жатат. Айрыкча 2025-жылдагы Тяньцзинь саммитинен кийинки Баңгизатка каршы борбор жана Коопсуздукка болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы универсалдуу борбор сыяктуу институттардын түзүлүшү ШКУнун коопсуздук механизмдерин системалаштырууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Ал эми Кыргызстан үчүн маанилүү багыт өзгөчө кырдаалдар боюнча региондук кызматташтык. Президент Садыр Жапаров 2025-жылы ШКУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча жардам фондун жана механизмин түзүү демилгесин көтөргөн. Бул сунуш Тяньцзинь саммитинде да белгиленген. Бул абдан маанилүү идея. Анткени бүгүнкү күндө сел, жер титирөө, жер көчкү, суу ташкыны, климаттык өзгөрүүлөр жана башка табигый кырсыктар да улуттук чек араларды тааныбайт. Ошондуктан келечектеги ШКУнун коопсуздук модели «жамааттык аскердик коргонуу» эмес, «комплекстүү жана бөлүнгүс коопсуздук» модели болушу мүмкүн.
— Геосаясий өзгөрүүлөр шартында ШКУнун кеңири курамы жана өз ара ишенимге негизделген модели анын эл аралык ролун кандай күчөтүүдө?
— ШКУнун негизги геосаясий артыкчылыгы анын кимдир бирөөгө каршы түзүлгөнүндө эмес, ар түрдүү мамлекеттердин бир аянтчада диалог жүргүзө алгандыгында. Бул жерде ШКУнун укуктук-саясий модели абдан маанилүү. ШКУнун Уставы мамлекеттердин эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого, ички иштерге кийлигишпөөгө, күч колдонбоого, мамлекеттердин тең укуктуулугуна жана талаштарды тынчтык жолу менен чечүүгө таянат. Чечимдер консенсус аркылуу кабыл алынат.
Ошондуктан ШКУну классикалык аскердик-саясий блок деп эмес, көп тараптуу диалогдун жана коопсуздук, өнүгүү боюнча практикалык кызматташтыктын өзгөчө форматы катары кароо туура. Уюмдун курамынын кеңейиши анын саясий салмагын да көбөйттү. 2025-жылдагы Тяньцзинь саммитине ШКУга мүчө он мамлекеттин лидерлери катышкан. Ошол саммитте ШКУнун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы да кабыл алынган. Бул жерде дагы бир маанилүү нерсе бар. ШКУ өзүнчө жабык система болбошу керек. Анын эл аралык укуктук легитимдүүлүгүн күчөтүү үчүн БУУ менен кызматташтыкты дагы бекемдөө зарыл. ШКУнун өзүнүн документтеринде да БУУнун Уставы жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери негизги таяныч катары көрсөтүлүп келет. Ошондуктан ШКУнун келечектеги ролун үч сөз менен мүнөздөөр элем. Биринчиси коопсуздук, экинчиси диалог, үчүнчүсү өнүгүү. Башкача айтканда, ШКУ коопсуздукту өнүгүүдөн, ал эми өнүгүүнү коопсуздуктан бөлбөгөн Евразиялык көп тараптуу кызматташтык платформасына айланып бара жатат.
Чынайым Кутманалиева