Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,1 млрд куб метрге чейин азайды

27-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 101

Бүгүн, 27-февралга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 186,80 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 152 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 626 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

27-февраль, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 101
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X