Төрага Марлен Маматалиев Гепатология борборунун курулушуна капсула салуу аземине катышты

29-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 149
Бүгүн, 29-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында курула турган адистештирилген Гепатология борборунун пайдубалына капсула салуу аземине катышты.
Иш-чарада саламаттык сактоо министри ДамирбекОсмонов, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев баштаган тиешелүү жетекчилер, «Ильшат» коомдук фондунун негиздөөчүсү Анвар Маметов, медицина кызматкерлери, курулуш компаниясынын өкүлдөрү жана чакырылган коноктор болду.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев жаңы борбордун курулушу өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.
Анын айтымында, акыркы жылдары Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында медицина тармагын өнүктүрүүгө, медициналык мекемелерди жаңылоого жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.
«Мурда медициналык мекемелердин абалына байланыштуу жарандардын нааразычылыгы көп айтылып келген. Бүгүн болсо ооруканалар оңдолуп, жаңы, заманбап медициналык объектилердин курулушу активдүү жүргүзүлүүдө. Анткени жарандарыбыз дарылануу үчүн чет өлкөгө барууга мажбур болбошу керек. Элибиз керектүү медициналык жардамды өз өлкөсүндө алууга тийиш», – деди Төрага.
Ошондой эле Марлен Маматалиев калктын саламаттыгы мамлекеттин эң башкы байлыгы экенин белгилеп, жаңы борбор боор ооруларын эрте аныктоого, так диагноз коюуга жана заманбап ыкмалар менен дарылоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.
Мындан сырткары саламаттык сактоо тармагындагы реформалар медициналык мекемелерди куруу жана оңдоо менен гана чектелбестен, дарыгерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга жана алардын маянасын жогорулатууга да багытталганын баса белгиледи.
«Дарыгерлерибиз бейтаптарды дарылоого бардык күчүн жумшап, күнүмдүк көйгөйлөргө алаксыбай, өз эмгеги менен татыктуу жашашы керек. Акыркы жылдардагы чечимдер ушул максатты көздөйт. Албетте, бул иштердин башталышы гана. Алдыда медицина тармагында дагы көптөгөн маанилүү реформалар жүргүзүлөт», – деди Төрага.
Муну менен бирге Марлен Маматалиев борбордун курулушун каржылап жаткан «Ильшат» коомдук фондуна жана анын негиздөөчүсү Анвар Маметовго ыраазычылык билдирди.
Ошону менен катар Төрага борбордун имаратын куруу менен бирге, аны заманбап медициналык жабдуулар менен толук камсыздоо маселесине да көңүл бурду. Өз кезегинде демөөрчү тарап жаңы борборду медициналык жабдуулар жана керектүү инвентарлар менен камсыздап, пайдаланууга толук даяр абалда тапшырууга даяр экенин билдирди.
«Бул имарат жөн гана медициналык мекеме болбостон, миңдеген адамдарга үмүт берген, алардын өмүрүн сактап калган куттуу жайга айлансын. Курулуш иштери ийгиликтүү аяктап, борбор элибиздин саламаттыгына узак жылдар бою кызмат кылсын», – деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3 100 чарчы метрди түзгөн төрт кабаттуу заманбап имарат курулуп, анда 80 орун каралат. Борбор керектүү медициналык, диагностикалык жана дарылоочу жабдуулар, ошондой эле тиешелүү инвентарлар менен толук камсыздалып, пайдаланууга даяр абалда тапшырылат.
Жаңы борбордо бейтаптарды алгачкы медициналык кароодон өткөрүү, тереңдетилген диагностика жүргүзүү, стационардык жана амбулатордук дарылоо, диспансердик көзөмөл жана андан кийинки медициналык коштоо үчүн комплекстүү шарттар түзүлөт.
29-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 149
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X