Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга келди
Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш 19-октябрда Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Жогорку Кеңештен билдиришкендей, «Манас» эл аралык аэропортунан аны төраганын орун басары Болот Ибрагимов жана депутат Жаныбек Аматов тосуп алышты.
Иш сапардын алкагында Нуман Куртулмуш бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындарына катышат.
Эскерте кетсек, 20-октябрда Бишкекте ТүркПАнын Кеңешинин отуруму жана XV пленардык жыйыны өтөт.