Тынар Шаршенбеков жарым финалга жолдомо алды

19-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 21

Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунда дагы бир балбаныбыз Тынар Шаршенбеков жарым финалына чыкты.

Турнирге 63 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков алгачкы жүрүшүн чейрек финалда баштап, анда индиялык балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүк 6:4 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасында аяктаган. Экинчи бөлүк башталары менен кыргыз балбаны атаандашынын далысын жерге басып, жеңишке жетти.

19-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X