УКМК: «Экс-депутат ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип кармалды»

20-сентябрь, 2021-ж. / Редакция / Кылмыш 31

«Кыргызстан» саясий партиясынан мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы Кубанычбек Нурматов Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң доллардан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алып алган.

20-сентябрь күнү Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

20-сентябрь, 2021-ж. / Редакция / Кылмыш 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X