"Эркин-Тоо"

УКМК «Форестер» компаниясынын директору Александр Череповду кармады

УКМКнын кызматкерлери «Форестер» компаниясынын директору Александр Череповду кармашты. Бул иш Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспекторунун камакка алынышы менен байланыштуу.

17-апрелде Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору коррупцияга шектелип кармалганы белгилүү болгон.

«Алар ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алып, салыктын өлчөмүн атайлап азайтышканы аныкталды. Анын кесепетинен 100 миллион сомдон ашык салык төлөнгөн эмес. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен кылмыш иши козголгон», — деген УКМК.

Пример HTML-страницы