УКМК: «Унаа» мамлекеттик мекемесинде коррупциялык схема аныкталды

13-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 31

2015-жылдан бери Кыргыз Республикасына ташууга тыюу салынган оң рулдуу унааларды мыйзамсыз легалдаштыруу боюнча коррупциялык схема аныкталды, деп билдирет УКМКнын басма өз кызматы.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Ак-Тилек» жол көзөмөлдөө пунктунда 15 жеңил автоунаа менен 2 оор жүк ташуучу унаа табылган. Текшерүү учурунда транспорт каражаттарынын каттоо (кайра каттоо) күбөлүктөрү 2021-жылы (июнь-июль) Чүй облустук «Унаа» МИнын бөлүмдөрү тарабынан берилгени аныкталып, айрым унаалардын кузовторунун идентификациялык номерлери транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнө дал келген эмес. Мындан тышкары, КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы МККнын Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо департаменти дагы аталган коррупциялык схемага аралашканы аныкталган. Учурда бул ишке тийешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2015-жылдын 26-февралындагы No40, 2015-жылдын 3-июнунан тартып оң рулдуу транспорт каражатын каттоого алып кирүүгө тыюу салынган, коммуналдык кызматтарга, айыл чарбасына, жол курууга (тейлөөгө) арналган автотранспортту кошпогондо (автокрандар, жүк ташуучу машиналар, бетон аралаштыргычтар, сугаруучу машиналар) Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатацияга жана жол кыймылына катышууга, жана ошондой автотранспорттун башка түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, деп эскертет КР УКМК.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X