Улан Курманов, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун ректору: Кыргыз авиациясынын келечеги сапаттуу билим жана күчтүү адис

14-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 179

Кыргызстандын авиация тармагы өлкөнүн транспорттук коопсуздугун, эл аралык байланыштарын жана экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылган стратегиялык багыттардын бири болуп саналат. Бул тармак үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун орду өзгөчө. И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун ректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Улан Эсембекович Курманов окуу жайдын тарыхы, бүгүнкү жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана келечек пландары тууралуу кеңири айтып берди.

Улан Эсембекович, Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту авиация тармагына адистерди даярдап келгенин көпчүлүк биле бербесе керек. Бир кезде Орто Азиядагы жалгыз авиациялык-техникалык окуу жайдын тарыхына кыскача токтолсоңуз?

– Биздин окуу жайдын тарыхы Кыргызстандын жарандык авиациясынын өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланышта. Институттун түпкү башаты 1973-жылы негизделген Фрунзе авиациялык техникалык окуу жайынан башталат. Кийинчерээк ал Кыргыз авиациялык колледжи болуп кайра түзүлүп, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-декабрындагы токтомунун негизинде И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту болуп өзгөртүлгөн.

Өзүнүн жарым кылымдан ашык тарыхында окуу жай миңдеген авиациялык адистерди даярдап чыгарды. Бүгүн биздин бүтүрүүчүлөр Кыргызстанда гана эмес, КМШ өлкөлөрүндө жана алыскы чет мамлекеттерде авиация тармагында ийгиликтүү эмгектенип келишет.

Институт белгилүү кыргыз учкучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген авиатору Ишембай Абдраимовдун ысымын алып жүрөт. Бул биз үчүн чоң сыймык жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик.

Акыркы жылдары мамлекет тарабынан авиация тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 8-апрелиндеги Жарлыгы менен институтка өзгөчө статус берилди. Бул биздин өнүгүүбүздүн жаңы этабын ачты жана авиациялык билим берүүнү эл аралык деңгээлге чыгарууга кеңири мүмкүнчүлүк түздү.

Азыркы учурда институттун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары кандай?

– Өзгөчө статус берилиши биздин институттун өнүгүүсүндө жаңы баскычты ачкан стратегиялык чечим болду. Бул кадам авиациялык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, эл аралык стандарттарга жакындатууга жана башкаруунун заманбап механизмдерин киргизүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түздү.

Ушуга байланыштуу, өзүбүздүн билим берүү стандарттарынын долбоору иштелип чыгып, анын негизинде бакалавриат жана магистратура багыттары боюнча билим берүү программалары бекитилди.

2025-жылы PhD докторантура программаларын ачуу боюнча иштер жүргүзүлүп, 2025–2026-окуу жылында докторанттарды кабыл алуунун биринчи этабы ишке ашырылды.

Окуу процессинде теория менен практиканын айкалышын күчөтүүгө басым жасалды. Авиациялык адистерди даярдоодо практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү, өндүрүштүк практикаларды кеңейтүү жана заманбап окутуу технологияларын колдонуу күчөтүлдү. Билим берүү программалары эмгек рыногунун талабына жана эл аралык авиациялык стандарттарга ылайык жаңыланууда. Башкаруу системасында ачык-айкындуулук, натыйжалуулук жана ыкчам башкаруу принциптери киргизилип, санариптик башкаруу элементтери күчөтүлүүдө. Ошондой эле окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга жана эл аралык тажрыйбаларды өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

Студенттердин практикалары кайсы жерлерде өтүлөт?

— Авиация тармагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо теориялык билим менен практикалык көндүмдөрдүн айкалышы өзгөчө мааниге ээ. Ушуга байланыштуу институт Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, «Кыргызстан аэропорттору» ААК, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы, жарандык авиация авиакомпаниялары жана тармактагы башка мекемелер менен тыгыз кызматташып келет.

Бул кызматташтыктын алкагында студенттер окуу, өндүрүштүк жана квалификациялык практикаларды өтүп, реалдуу иш шарттарында тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Алар авиациялык коопсуздук, учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу, аэропорттук тейлөө, аба кыймылын башкаруу жана авиациялык техникаларды эксплуатациялоо боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүшөт.

Ошондой эле тармактын алдыңкы адистеринин катышуусунда конок лекциялар, семинарлар, мастер-класстар жана өндүрүштүк экскурсиялар уюштурулуп турат. Бул студенттердин заманбап технологиялар, санариптик чечимдер жана эл аралык авиациялык стандарттар боюнча билимдерин тереңдетүүгө мүмкүндүк берет.

Мындай өнөктөштүк студенттердин практикалык даярдыгын жогорулатып гана тим болбостон, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана авиация тармагын атаандаштыкка жөндөмдүү кадрлар менен камсыздоого өбөлгө түзүүдө.

Институттун имараттарында жана окуу корпустарында жүргүзүлүп жаткан оңдоо жана реконструкциялоо иштери тууралуу айтып берсеңиз.

Бүгүнкү күндө институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана билим берүү үчүн заманбап шарттарды түзүү биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу окуу корпустарында жана инфраструктуралык объектилерде этап-этабы менен оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.

Атап айтсак, А. Курбаналиев атындагы №2 окуу корпусу жана административдик корпус жаңыланып, заманбап жарыктандыруу жана асма шыптар орнотулду. Практикалык даярдыкты күчөтүү максатында Workshop лабораториясы курулуп, жаңы жабдуулар менен камсыздалды.

«Жашыл экономика» программасынын алкагында эки жаңы газ казаны ишке берилүү менен окуу корпустары туруктуу жылуулук менен камсыздалды. Ошондой эле энергия натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кошумча иштер аткарылды.

Билим берүү процессин санариптештирүү максатында 11 интерактивдүү панель орнотулду. Мындан тышкары, ПУРПС ЦА–3 долбоорунун алкагында авиациялык кыймылдаткычтын макети, CBT окутуу системасы, аэродинамикалык түтүк, гидравликалык система стенди жана учуу симулятору сыяктуу заманбап жабдуулар алынып келинди.

Авиация тармагындагы тез өзгөрүп жаткан технологияларга ылайык институт студенттерди кантип даярдап жатат?

– Бүгүнкү күндө авиация санариптештирүү, автоматташтыруу жана жасалма интеллект элементтерин колдонуу менен тездик менен өнүгүүдө.

Ошондуктан биздин билим берүү программалары эл аралык авиациялык стандарттарга жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык үзгүлтүксүз жаңыланып турат. Окуу процессине заманбап окутуу технологиялары, санариптик платформалар жана симуляциялык окутуу элементтери киргизилүүдө.

Практикага багытталган билим берүү модели аркылуу студенттер теориялык билимдерин өндүрүш шарттарында бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Институттун бүтүрүүчүлөрүнүн канча пайызы өз адистиги боюнча жумушка орношот жана бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн кандай иштер жүргүзүлүүдө?

– Авиация тармагында кесипкөй кадрларга суроо-талап жылдан-жылга өсүүдө. Өзгөчө авиациялык техникаларды эксплуатациялоо, логистика, менеджмент жана аба кыймылын уюштуруу багыттарындагы адистерге муктаждык жогору.

Бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусун камсыздоо үчүн институт иш берүүчүлөр менен түз байланышта иш алып барат. Практика өтөгөн студенттердин бир бөлүгү кийин ошол эле мекемелерге жумушка кабыл алынышат.

Мындан тышкары карьералык жолугушуулар, бош орундар жарманкелери жана тармактык мекемелер менен жолугушуулар туруктуу уюштурулуп келет.

Студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн авиациялык компаниялар жана аэропорттор менен кызматташуу кандай деңгээлде жүргүзүлөт?

– Авиация тармагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо теориялык билим менен практикалык көндүмдөрдүн айкалышы өзгөчө мааниге ээ. Ушуга байланыштуу институт Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, «Кыргызстан аэропорттору» ААК, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы, жарандык авиация авиакомпаниялары жана тармактагы башка мекемелер менен тыгыз кызматташып келет.

Бул кызматташтыктын алкагында студенттер окуу, өндүрүштүк жана квалификациялык практикаларды өтүп, реалдуу иш шарттарында тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Алар авиациялык коопсуздук, учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу, аэропорттук тейлөө, аба кыймылын башкаруу жана авиациялык техникаларды эксплуатациялоо боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүшөт.

Ошондой эле тармактын алдыңкы адистеринин катышуусунда конок лекциялар, семинарлар, мастер-класстар жана өндүрүштүк экскурсиялар уюштурулуп турат. Бул студенттердин заманбап технологиялар, санариптик чечимдер жана эл аралык авиациялык стандарттар боюнча билимдерин тереңдетүүгө мүмкүндүк берет.

Мындай өнөктөштүк студенттердин практикалык даярдыгын жогорулатып гана тим болбостон, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана авиация тармагын атаандаштыкка жөндөмдүү кадрлар менен камсыздоого өбөлгө түзүүдө.

Институтту аймактагы эң алдыңкы авиациялык окуу жайлардын бири кылуу үчүн алдыдагы 5 жылга кандай стратегиялык максаттар коюлган?

– Биздин башкы стратегиялык максатыбыз – Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтун Борбор Азиядагы алдыңкы авиациялык билим берүү борборлорунун бирине айландыруу.

Алдыдагы жылдарда билим берүүнүн сапатын мындан ары жогорулатуу, эл аралык стандарттарга шайкеш келген программаларды кеңейтүү, авиациялык тренажёрдук жана лабораториялык базаны жаңылоо, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана эл аралык өнөктөштүктү бекемдөө негизги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Ошондой эле авиациялык адистерди даярдоодо инновациялык технологияларды кеңири колдонуу, академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү жана билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоо маселелерине өзгөчө басым жасайбыз. Биз үчүн эң башкысы — мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошо алган, мекенчил жана кесипкөй кадрларды даярдоо.

– Студенттер көп көтөргөн көйгөйлөрдүн ичинен кайсынысын эң маанилүү деп эсептейсиз жана аны чечүү үчүн кандай чараларды көрүп жатасыз?

– Студенттер көбүнчө окуу шарттарын жакшыртуу, заманбап жабдуулар менен камсыздоо, практикалык сабактарды көбөйтүү жана жатакана шарттарын жакшыртуу маселелерин көтөрүшөт.

Бул маселелерди чечүү максатында окуу корпустары этап-этабы менен жаңыланып жатат. Акыркы жылдары окуу корпустары капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, жаңы лабораториялар ачылып, интерактивдүү панелдер орнотулду. Жылуулук системалары жаңыланып, студенттер үчүн ыңгайлуу билим берүү чөйрөсү түзүлүүдө.

Биз үчүн студенттердин сунуштарын угуу жана аларды билим берүү процессин өркүндөтүүдө эске алуу өтө маанилүү. Анткени бүгүнкү студент – эртеңки авиация тармагынын жүзү.

Улан Эсембекович, маанилүү маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Бекем ден соолук, берекелүү өмүр, албан ийгиликтерди каалайбыз.

Раиса Дүйшөнбекова

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X