Улан Ниязбеков Грузиянын премьер-министри менен коопсуздук маселелерин талкуулады

14-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 123

Кыргызстандын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Жолугушууда жогорку деңгээлдеги сапарлардын кыргыз-грузин мамилелерин бекемдөөдөгү ролу белгиленип, Кобахидзенин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында кол коюлган документтер эки тараптуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылды.

Негизги көңүл — коопсуздук маселелерине. Тараптар эки жана аймактык деңгээлде кызматташууну күчөтүү, тажрыйба алмашуу жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттарда практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.Возможно, это изображение текст

Ошондой эле заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда Кыргызстан менен Грузиянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын тыгыз кызматташуусу маанилүү экени айтылды.

Жолугушуу эки өлкөнүн коопсуздук жаатындагы өнөктөштүгүн бекемдөөгө жана кыргыз-грузин конструктивдүү диалогун жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган маанилүү кадам болду.

14-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 123
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X