Улан НИЯЗБЕКОВ, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги: «ЭЛ ИШЕНГЕН МИЛИЦИЯ – РЕФОРМАНЫН БАШКЫ МАКСАТЫ»
Мамлекет менен жарандын ортосундагы ишеним көбүнчө укук коргоо органдарынын ишине жараша аныкталат. Акыркы жылдары ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан реформалар, санариптештирүү жана кадр саясаты коомчулуктун ишенимин жогорулатууга багытталууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков менен болгон маекте сөз болду.
— Улан Омоканович, Кыргызстанда укук коргоо органдарына болгон ишенимди жогорулатуу үчүн жүргүзүлүп жаткан реформалар коомчулукта реалдуу өзгөрүү жарата алдыбы?
— Коомчулукта укук коргоо органдарынын ролу, алардын ачыктыгы жана жоопкерчилиги тууралуу талкуу эч качан токтобойт. Мамлекет менен жарандын ортосундагы ишенимдин деңгээли көбүнчө дал ушул тармактын ишине жараша аныкталат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан элдин ишенимин жогорулатуу боюнча иш-аракеттер ар дайым жүргүзүлүп келет. Тактап айтсак, азыркы учурдагы ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана материалдык-техникалык жабдуулар жарандарга тез жардам көрсөтүүгө жана тартип бузууларга ыкчам чара көрүүгө багытталган.
— Эмне үчүн айрым жарандар укук коргоо органдарына кайрылуудан дагы деле кооптонушат – система ишенимди толук актай албай жатабы?
— Кыргызстанда укук коргоо органдарына болгон ишенимди калыптандыруу жана жогорулатуунун үстүндө Ички иштер министрлиги тынымсыз аракеттерди жумшап келет. Анын алкагында жарандар үчүн ачыктык, жоопкерчилик, санариптештирүү жана кадрдык реформалар жасалууда. Эң башкысы – жаран милицияга кайрылганда ал өзүн коопсуз сезип, жыйынтыгында мыйзамдуу чечимдерге күбө болушу керек. Биздин максат – мыйзамга таянган коопсуздук системасын түзүү. Ошондуктан реформаларды формалдуу өзгөртүү катары эмес, системанын мазмунун жаңылоо катары жүргүзүп жатабыз. Биринчиден, башкаруу структурасы оптималдаштырылды. Бирин-бири кайталоолор жоюлуп, жоопкерчилик так бөлүштүрүлдү. Экинчиден, Ички иштер министрлиги “Санарип милиция” системасына толугу менен өттү. Анын алкагында арыздарды каттоо, кылмыштарды эсепке алуу, ички документ жүгүртүү электрондук форматка өттү. Бул адам факторун азайтып, чечим кабыл алууда субъективдүүлүктү чектөөгө мүмкүндүк берет.
Үчүнчү маанилүү багыт – кадр саясаты. Биз үчүн кызматкердин профессионалдык даярдыгы менен катар анын моралдык туруктуулугу, жарандар менен иштөө маданияты да чечүүчү факторлордун бири. Ар бир чоң өзгөрүү техникалык мүмкүнчүлүктөр менен гана чектелбей, кызматкердин кесипкөйлүгү өзгөчө орунда экени талашсыз.
Реформа жөн гана кызматтын атын өзгөртүү эмес, анын аркасында жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ийгиликтерге жетүү, ошондой эле заман талабына ылайык келген техникалык каражаттар менен камсыздоо максаттары турат. Айрым жарандарда “укук коргоо органдары жардам бере албайт” деген стереотип дагы эле калыптанып калган. Милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн иш-аракеттерди гана жасай алат, бирок ал иш-аракеттер айрым жарандарды канааттандырбайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2024-жылы элдин милицияга болгон ишеними 32,6 балл болсо, 2025-жылы 44,0 баллга жогорулаган.
— Укук коргоо органдарынын ишинде ачыктык күчөсө, коррупциялык көрүнүштөрдү толугу менен азайтууга мүмкүнбү?
— Коомчулук үчүн укук коргоо органдарынын ишинин ачык-айкын болушу коррупцияга каршы күрөштө маанилүү факторлордун бири болуп эсептелет. Ачык-айкындуулук жарандардын ишенимин арттырып, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүүгө шарт түзөт. Ички иштер министрлиги кызматтык тартипти сактоо, мыйзам бузууларды алдын алуу жана аныктоо боюнча системалуу иштерди жүргүзүп келет. Коррупцияга байланышкан ар бир факт боюнча мыйзам чегинде принципиалдуу чаралар көрүлүүдө. Биздин максат – ички иштер органдарынын ишине коомчулуктун ишенимин бекемдөө жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу. Учурда укук коргоо органдарына кайрылууда эч кандай кооптонуунун кереги жок. Бүгүнкү күнү элге сервистик тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, жарандардын кайрылууларын кабыл алып, чечимдерди жеринде мыйзам чегинде кабыл алуу ички иштер органдарындагы артыкчылыктуу багыттардын бири десек болот.
Көпчүлүк жарандарыбыз ички иштер органдарына арыз менен кайрылган учурда кызматкерлер тарабынан мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптин негизинде жумуштар жүргүзүлөт. Бирок, өзүңүздөргө белгилүү болгондой “Эл эмне дейт” деген сыяктуу түшүнүктөр жарандардын өз учурунда милицияга кайрылуусуна тоскоолдук болуп келет. Эгер милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу фактылары болсо, андай кызматкерлерге катуу чаралар көрүлөт. Ал үчүн министрликте өзүнчө Ички иликтөө кызматы тынымсыз жумуш алып барат.
Ички иштер министрлигинде болуп жаткан иштер жарандар үчүн ачык-айкын экенин ишеничтүү айта алабыз. Себеби, ачык-айкындуулук – ички иштер органдарынын системасынын тазаланышы үчүн негизги шарт. Жарандар менен тыгыз кызматташуу максатында түз байланыш каналдары, жарандарды кабыл алуу иштери жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнөн тарта министрликке чейин жүргүзүлүп келет. Кыскасы, ар дайым эл үчүн кызматтабыз.
Коррупцияга аралашкан кызматкерлерден тазалануу жогорку деңгээлде жүрүп жатат десек болот. Ички иштер министрлиги коррупцияга каршы туруктуу чөйрөнү түзүү, кызматкерлердин укуктук аң сезимин жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында активдүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Ички иштер органдарынын бөлүктөрүндө тиешелүү сабактар өтүлүүдө. Мындан тышкары коррупцияга каршы күрөшүү темасы ИИМдин Академиясынын жана Республикалык окуу борборунун окуу программаларына киргизилген. Ички иштер органдарынын бөлүктөрүндө аталган багытта (коррупцияга каршы күрөшүү боюнча) тиешелүү буйруктар чыгарылып, тематикалык иш-мерчемдерге актуалдуу темаларды киргизүү менен кызматтык атайын даярдыктын алкагында окуу процесси 2026-жылдын 19-январынан тартып үзгүлтүксүз башталгандыгын билдиребиз.
— Ишеним телефондору менен коомдук кабылдамалар калктын көйгөйүн чечүүнүн натыйжалуу куралы болуп жатабы же символикалык механизм катары гана колдонулуп жатабы?
— Ишеним телефону – бул чечилбеген көйгөйлөрдү тиешелүү кызматтарга жеткирүүнүн бир жолу. Жарандардан келген кайрылуу каттоого алынып, ар бир кайрылууну анализдеп, анын себептерин жоюуга аракеттер көрүлөт. Учурда Ички иштер министрлигинин ишеним телефондору күнү-түнү иштеп жатат. Ал жакка жарандарыбыздан кайрылуулар жана билдирүүлөр түшүп, анын негизинде тиешелүү аракеттер көрүлүп жатат. Андан сырткары коомдук кабылдамаларда милициянын аймактык тескөөчүлөрү иш алып барып, жарандар менен тыгыз кызматташууда. Жарандардан түшкөн ар бир кайрылуу көзөмөлгө алынып, мыйзам чегинде чечилип берилет. Коомдук кабылдамалар жана “ишеним телефондору” калктын көйгөйүн чечүүгө жардам берет. Алардын иши министрликтин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин жана анын аймактардагы ички иштер органдарынын социалдык тармактардагы баракчалары жарандардан кайрылууларды кабыл алып, көрүлгөн чаралар боюнча жоопторду беришүүдө. Мунун баары коом менен тыгыз кызматташып, ачык-айкындуулукту камсыздоо, ишенимди кайтаруу боюнча иштерге өбөлгө түзүүдө. Биздин алыскы райондордо жайгашкан айылдарда милициянын көчмө кабылдамалары дагы иш алып барышууда. Булардын бардыгы жарандар менен тыгыз иштешип, ар бир кайрылуусун чечип берүү максатын көздөйт. Ошондуктан, бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан аракеттердин бардыгы кылмыштуулукту алдын алууга жана коом менен тыгыз байланышта иштөөгө багытталган. Мындан ары дагы кыргыз милициясынын курамы элибиздин коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана милдеттерди ийгиликтүү аткарууну күчөтүлгөн тартипте уланта бермекчи.
Чынайым Кутманалиева