Улан Примов Ош облусунда балдарга окуу куралдарын тапшырды
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов жаңы окуу жылынын алдында Ош облусунун Алай, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда балдарга окуу куралдары жана кийим-кече тапшырды.
Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү иштери улантыларын билдирди.
Мындан тышкары, Алай районунда социалдык контракттын 70 ээсине сертификат тапшырылып, аларга ишкерликти баштоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.