Улукбек Марипов ала качкандарга жазаны күчөтүү сунушун киргизүүнү тапшырды

9-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 14

Премьер-министр Улукбек Марипов кыздарды ала качкандарга кылмыш жазасын катаалдатуу тууралуу сунушту кыска убакытта киргизүүнү тапшырды. Бул тууралуу премьер-министр укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн кеңешмеде билдирди.

«Мен Жазык кодексиндеги бул беренени толугу менен кайрадан карап чыгуу зарыл деп эсептейм. Адам уурдоо тууралуу берене бар, ал үчүн эркинен ажыратуу каралган. Жакын арада аталган кылмыш түрү үчүн жазаны катаалдатуу максатында жогорудагы берененин ченемин кайра карап чыгуу зарыл», — деди өкмөт башчысы.
Мариповдун айтымында, айрым милиция кызматкерлеринин шалаакы мамилеси жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишенимине доо кетирди.

«Айзаданын өлүмү — бул чоң трагедия, ал биздеги көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү ачыктады. Жарандар өзүн коопсуз сезүүсү керек. Бирок, жаш кызды күндүз алып качып, өлтүрүүгө барып жатса кайдагы коопсуздукту сөз кылууга болот! Бул ачык кылмыш, анын салтка тиешеси жок. Мектеп программасына адам укугу, аялдар менен балдарга зомбулукка жол берилбей тургандыгы боюнча сабактарды киргизүү керек. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлери жазаларын алышат», — деди Марипов.

9-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 14
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X