Улукбек Марипов Михаил Мишустин менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады

20-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 23

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Тараптар негизинен энергетика, транспорт жана өнөр жай тармагындагы кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселесин талкуулашты.  

Улукбек Марипов жана Михаил Мишустин биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, өлкөлөр ортосундагы соода жүргүзүүнүн динамикасы жана экономикалык активдүүлүктүн ырааттуу калыбына келтирилишин канааттануу менен белгилешти.

«Биз ушул жылдын январь-июнь айларында 1 млрд 5,5 млн долларды түзгөн жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5%га көбөйгөн эки тараптуу товар жүгүртүүнү андан ары жогорулатууга басым жасоо менен активдүү биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даярбыз», – деди Улукбек Марипов.

20-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X