Улуттук банк “Кылым Банк” жана “Мурас Банкка” лицензия берди

14-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 138

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 13-майда өткөн башкармалыктын жыйынында эки жаңы коммерциялык банкка лицензия берүү чечимин кабыл алды. Маалыматка ылайык, төмөнкү финансы мекемелерине улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүүгө уруксат берилди:

— “Кылым Банк” ачык акционердик коому;
— “Мурас Банк” жабык акционердик коому.

Аталган лицензиялар жаңы банктарга кардарларды тейлөө, депозиттик жана кредиттик операцияларды жүргүзүү, ошондой эле валюталык кызматтарды көрсөтүү укугун берет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул чечим өлкөдөгү банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана каржы рыногунда атаандаштыкты күчөтүүгө багытталганын белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X