Улуттук тарых музейинде Лянчжу санариптик маданий-музей көргөзмөсү ачылды
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Лянчжу санариптик маданий-музей көргөзмөсүнүн расмий ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Маалымат кеңсесинин жетекчиси Мо Гаои жана Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова катышып, көргөзмө менен таанышты.
Көргөзмө Янцзы дарыясынын төмөнкү агымындагы Тайху көлүнүн аймагында мындан 4300–5300 жыл мурда жашап өткөн Лянчжу маданиятына арналган. Адистердин баамында, бул маданият Чыгыш Азиядагы тарыхка чейинки күрүч өстүрүү цивилизациясынын эң жогорку жетишкендиктеринин бири жана алгачкы шаардык цивилизациялардын көрүнүктүү үлгүсү болуп эсептелет.
Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү – салттуу музей экспозициясы менен заманбап санариптик технологиялардын айкалышында. Археологиялык табылгалар интерактивдүү форматта сунушталып, виртуалдык реалдуулук (VR) технологиясынын жардамы менен көрүүчүлөр байыркы Лянчжу цивилизациясынын дүйнөсүнө виртуалдык саякат жасай алышат.
Иш-чаранын алкагында Мо Гаои үчүн Улуттук тарых музейинин негизги экспозициялык залдары боюнча экскурсия уюштурулуп, Кыргызстандын археологиялык жана этнографиялык мурастары тааныштырылды.
Меймандын айтымында, Кыргызстандын бай тарыхый жана маданий мурасы өзгөчө кызыгуу жаратат. Ал музейдеги экспозицияларга жогору баа берди.