Улуу Жибек Жолу кайра жанданат

30-август, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 52

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде кылым долбоору, башкача айтканда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушун Улуу Жибек Жолунун кайрадан жанданышына салыштырды. Бул салыштыруу чындыгында орундуу.

Жибек Жолу – байыркы жана орто кылымдарда Чыгыш менен Батышты байланыштырган соода жолдорунун чоң тармагы болгон. Аны азыркы түшүнүктөгү бир эле жол деп элестетүүгө болбойт. Анткени, жол бири-бирине туташкан көптөгөн соода жолдорунун системасы болгон. Негизги багыт Кытайдан башталып, Борбор Азия аркылуу Жакынкы Чыгышка, андан ары Европа өлкөлөрүнө чейин жеткен.

Кыргызстандын аймагы да ушул жолдун маанилүү бөлүктөрүнүн бири болгон. Кыргызстандын аймагы тоолуу болгонуна карабай, Кытайдан Борбор Азияга өтүүчү маанилүү аймак катары саналган. Айрыкча Ош, Өзгөн, Баласагын, Суяб сыяктуу шаарлар соода жана маданий байланыштарда маанилүү роль ойногон. Кербендер тоолор аркылуу өтүп, жол боюндагы шаарларга токтоп, товарларын сатып же башка товарларга алмаштырышкан. Ошол себептен шаарлардын айланасында базарлар, кербен сарайлар жана кол өнөрчүлүк борборлору өнүккөн. Ал убакта поезд же жүк ташуучу унаа болгон эмес. Соодагерлер көбүнчө төө, ат жана эшекке жүк артып жүрүшкөн. Мисалы, Кытайдан кандайдыр бир буюмдар Борбор Азияга жетсе, ал жерден башка өлкөлөргө тараган. Дин, искусство, архитектура, тамак-аш маданияты жана илимий билимдер да ушул байланыштар аркылуу жайылган. Ошондуктан тарыхчылар Жибек Жолун элдерди жана цивилизацияларды байланыштырган көпүрө катары карап келет. Бүгүн болсо ошол эле географиялык багытта заманбап темир жол, автоунаа жолдору жана логистикалык коридорлор түзүлүп жатат. Башкача айтканда, байыркы кербен жолунун ордуна бүгүн поезддер жана жүк ташуучу унаалар жүрмөкчү. Андыктан бул кылымдагы кайра жандануулардын эң маанилүүсү десек туура болот.

Жакынкы жылдары Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу ишке ашып калса, долбоор Кытайды Борбор Азия менен байланыштырып, Кыргызстанды маанилүү транспорттук каттамдардын бирине кошушу күтүлүп жатат. Бирок бул долбоор жөн гана темир жол куруу эмес. Анын артында соода, экономика, жаңы жумуш орундары жана Кыргызстан үчүн транзиттик өлкөгө айлануу мүмкүнчүлүгү бар.

Темир жол кайсы жерлерден өтөт?

Жаңы темир жол Кытайдын Кашкар шаарынан башталат. Андан ары Кытай–Кыргызстан чек арасындагы Торугарт аркылуу Кыргызстанга кирет. Кыргызстандын аймагында каттам Торугарттан башталып, Макмал аркылуу Жалал-Абадга чейин жетет. Андан ары темир жол Өзбекстанга өтүп, Анжиян шаарына кошулат. Бул жол үч өлкөнүн ортосунда жүк ташууну жеңилдетүүгө багытталган каттам.

Долбоор тууралуу сүйлөшүүлөр көп жылдардан бери жүрүп келген. Акыркы 15 жыл аралыгында эле маселе бир топ жолу көтөрүлүп, ММКларда нечендеген макалалар жазылды, сюжеттер тартылды. Аны ишке ашырууга көп аракеттер көрүлдү. Бирок, маселе чечилбей келип, үч өлкө темир жолду куруу боюнча келишимге 2024-жылы гана кол койду. Темир жолдун узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 туннель курулат. Темир жолдун 40%ы туннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат. Өлкөбүз туюктан чыгып, Чыгыш менен Батышты байланыштырган маанилүү транзиттик аймакка айланат.

 Мааниси зор

Долбоордун Кыргызстан үчүн эң чоң пайдасы транзиттик мүмкүнчүлүк. Кыргызстан Кытай менен Борбор Азиянын ортосунда жайгашкан. Бирок буга чейин өлкө бул географиялык мүмкүнчүлүгүн темир жол аркылуу толук пайдалана алган эмес. Жаңы темир жол ишке кирсе, Кытайдан чыккан жүктөр Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга жана андан ары башка өлкөлөргө жеткирилиши күтүлөт. Бул үчүн Кыргызстан жүк өткөн сайын транзиттик жана башка логистикалык кызматтардан киреше таба алат. Андан сырткары товарларды ташуу жеңилдейт. Кытайдан Кыргызстанга ар кандай товарлар келет. Эгер аларды темир жол менен ташуу мүмкүнчүлүгү көбөйсө, чоң көлөмдөгү жүктөрдү жеткирүү системасы өзгөрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда кыргызстандык ишкерлер үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Алар товарларын башка өлкөлөргө чыгарууда жаңы транспорттук каттамды пайдалана алышат. Жаңы жумуш орундары ачылат. Курулуш учурунда жумушчулар, инженерлер, айдоочулар жана башка адистер керек болот. Ал эми темир жол ишке киргенден кийин станциялар, кампалар, логистикалык борборлор жана тейлөө кызматтары пайда болушу мүмкүн. Мунун баары жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт. Айрыкча темир жол өтө турган аймактарда экономикалык активдүүлүк жогорулайт.

 

Жазгүл Кенжетаева

30-август, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 52
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X