«Унаа» Мамлекеттик ишканасы көрсөткөн кызматтардын бааларын жарыялады

24-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 40

Коррупциянын тобокелчиликтерин жокко чыгаруу жана ачык -айкындуулукту жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Унаа» Мамлекетик ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын расмий бааларын жарыялады.

Документтерди, каттоо номерлерин берүү менен автоунааларга болгон укукту каттоо (кайра каттоо) кызматтарынын наркы:

•        «Унаа» мекемесинин аймагынан унааны кароо – 141 сом

•        Унаанын жайгашкан жеринде кароо – 140 сом (жол киреге чыгымды эске албаганда)

•        Авто жана технологиялык машиналар жана жабдуулар боюнча маалымат базасын түзүү – 141 сом

•        Мамлекеттик номер менен камсыз кылуу – 141 сом

•        Күбөлөндүрүүчү документти берүү менен транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) – 141 сом

•        Күбөлөндүрүүчү документтерди берүү менен технологиялык машинаны каттоо (кайра каттоо) – 121 сом

Технологиялык машиналарды башкаруу үчүн трактористтин күбөлүгүн берүү боюнча кызматтардын наркы:

•        Трактор айдоочунун күбөлүгүн каттоо жана берүү – 135 сом

•        Унаалар жана айдоочулук күбөлүктөр тууралуу маалыматты тастыктоо – 142 сом

Транспорт каражаттарын айдоо үчүн айдоочулук күбөлүк берүү боюнча кызматтардын баасы — 141 сом

Атайын бланк продукцияларынын баасы:

•        Транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк – 192 сом

•        Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлү – 100, 86 сом

•        Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк – 52 сом

•        Техникалык паспорт – 43 сом

Унаага мамлекеттик номер белгинин баасы – 650 сом

Технологиялык машиналарга мамлекеттик номер белгинин баасы  – 325 сом

Персонификация кызматынын баасы- 255 сом

«Эскертүү: Баалар банк кызматы эсептелбестен көрсөтүлдү. Коррупциялык көрүнүш болгон учурда 119 акысыз номерине кайрылсаңыз болот»,- деп билдирет «Унаа» ишканасы.

24-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X