Уруксат берүүчү документтери жок объекттин иши токтотулду

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 289

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Ноокат районунун Куу-Майдан айылында жайгашкан «Партнер Нефть» май куюучу станциясынын №1 тилкеси тиешелүү архитектуралык-долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерсиз пайдаланылып жаткандыгы аныкталды.

Такталгандай, объект мыйзамда белгиленген тартипте уруксат берүүчү документтерди албай туруп ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. Бул Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуу болуп саналат.

Аталган мыйзам бузуу боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык «Партнер Нефть» май куюучу станциясына карата административдик чаралар көрүлдү. Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин объекттин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык курулуш субъектилерин жана ишкердик жүргүзгөн тараптарды курулуш тармагындагы талаптарды, ченемдерди жана мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X