“Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал өтө курч сценарий менен бара жатат” — деген пикирлерин украиналык эксперттер билдиришти. Саламаттык сактоо тармагы “министр Супрундун реформасы” менен талкаланды, эмдөө болсо бийликтин колу менен жок кылынды.
Виктор Скаршевский, экономика тармагындагы эксперт (Украина):
«Бүгүн 2021-жылдын марты, пандемиядан бери бир жыл өттү. Биз кайда келип кептелдик? Ооруканаларда дагы деле орундар жетишпейт, кычкылтек аппараттарына болгон таңкыстыктан арыла алган жокпуз. Биз илдеттин үчүнчү толкуну болорун алдын ала билгенбиз, бирок абалды оңдой алдыкпы? Бейтаптарга орундар жетишпей, коридорлордо жатышат. Эмдөө жөнгө салынган жок. Калктын жалпы санынын болгону жарым пайызга жетпегени гана эмделди. Ал эми коллективдик иммунитет үчүн эмдөөдөн 70 пайызы өтүшү керек эле. Бир жылда биз карантинден башка эмнеге жетиштик? Карантиндин айынан экономика болуп көрбөгөндөй төмөнкү деңгээлге түштү, медицина тармагы жөнгө салынган жок. Калктын саламаттыгы үчүн кыпындай да аракет көрүлгөн жок. Абалды радикалдуу жана токтоосуз аракеттер гана жөнгө салбаса, бийлик эч нерсени өзгөртө албай калды «.