ВЬЕТНАМДА КАФЕ АЧКАН КЫРГЫЗ ЖИГИТИ

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 22

Болот Акимбаев кыргыздын билимдүү, эмгекчил жигиттеринин бири. Ал токмоктук ишкер, алыскы Вьетнамдын Нячанг шаарында «Кочевник» кафесин негиздеген. Анын кафесинде кардарларга кыргыз жана борбор азия ашканасынын тамактары сунушталат. Бул жолу бизге мекендешибиз Болот чет жердеги ийгиликтери менен бөлүштү.

— Болот мырза, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мекендин баркын алыста жүргөндө жакшы түшүнөсүң, сезесиң… Ал эми менин түбүм, ата-тегим Казармандан болот. Менин атам, жашында эле каза болуп калган. Мындан улам, Казармандан шаарды көздөй келгенбиз. Андан кийин мен Токмок шаарында чоңоюп өстүм, ал жактан мектепке баргам. 2012-жылы туризм багытында жогорку билимге ээ болдум. Кесибиме байланыштуу дүйнө жүзү боюнча саякаттарды уюштурган эл аралык туроператордо эмгектендим. Бул компания менен Түркия, Таиланд, Вьетнам жана башка өлкөлөрдө иштедим. 2015-жылы үйлөнүп, жубайым экөөбүз Вьетнам өлкөсүндө жашап, иштөөнү чечтик. Ал кезде Вьетнамда кыргыз жарандары аз болчу.

— Вьетнамда ресторан иштетүү бизнесин кантип ишке ашырдыңыз?

— Вьетнамда Мирбек аттуу мекенчил кыргыз байкебиз бар. Ал байкебиз бул өлкөдө ишкерчилик кылганына көп убакыт болуп калды. Бир күнү Мирбек байке “бир кафе бар, кааласаң ачып, иштетип көр”, — деди. 2016-жылы кафени ижарага алып, ишибизди баштадык. Жубайым экөөбүздүн бул тармакта тажрыйбабыз жок болчу. Алгач, жумушту баштаганда оорчулук болду. Мен онлайн түрдө башкаруу системасы, бухгалтерияны окуп, сабак ала баштадым. Жубайым болсо, тамак жасоо, ашпозчулук боюнча курстарды окууга киришти. Андан кийин жубайым башкы ашпозчу, мен залда тейлөөчү, техникалык кызматкер болуп ишибизди баштадык. Кафеге “Кочевник” деген ат ыйгардык. Өзүбүз деле акыркы 10 жыл бою дүйнө кыдырып иштеген көчмөн болдук десем болот. Арадан көп өтпөй дүйнөнү таажы вирусу каптады. Эпидемия Вьетнам өлкөсүн да кыйгап өттү, бир катар ишканаларга терс таасирин тийгизди. Эпидемиядан кийин ишибиз кайрадан акырындык менен бир калыпка түштү десем болот.

— Вьетнамда ишкерлерге кандай талаптар, жеңилдиктер бар? Канча жумушчуңуз бар?

— Чет жерде ишкерчилик баштоо оңой эмес. Бул жерде деле тиешелүү мамлекеттик мекемелер дыкат текшерет. Баары мыйзамдын алкагында болсо, эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Туристтердин саны көбөйгөн сайын биз дагы филиалдарыбызды кеңейттик. Азырынча шаар боюнча 3 филиалыбыз иштейт. Эң чоң филиалыбыз “Кочевник”, башкы филиалда өзүм отурам. Официант катары да ишти аткарам. Күнүнө 40-60 кишини тосуп алабыз. Жакында кошумча имаратты ижарага алдык, кафени кеңейтүүнү пландап жатабыз. Жалпы 32 вьетнам жарандары иштейт. Көбүнчө алар официант, техникалык жумушчулар. Башкы ашпозчуларыбыз Кыргызстандан келишкен. Келинчегим экөөбүз да ишке катышабыз, ансыз болбойт. Вьетнам жарандарын ишке алуу жеңил. Чет элдик жарандарды жумушка алууда атайын эрежелер бар.

— Айлык кандай төлөнөт?

— Бул өлкөдө орточо айлык акы 200-250 долларды түзөт. Биздин кафеде болсо, маяна 200 доллардан башталат. Эгер көп убакыттан бери иштесе, тажрыйбасы көп болсо маянасы өсө баштайт. Азырынча бизде вьетнамдык Хуе деген эже 7 жылдан бери иштейт. Аны апабыз катары эле көрөбүз. Анткени, бизди колдойт, жардам берет. Аны менен кафе ачылаар алдында таанышканбыз. Ал апабыздын маянасы эң жогору, айына 350-400 доллар алат. Жумушун так аткарганына карата айлык өсө берет. Вьетнамда жаңы жыл майрамын Тэт майрамы дешет. Бул жылы 17-февралга туш келди. Жыл сайын бул майрамда жумушчулардын айлыктары көтөрүлөт.

— Кафенин кардарлары туристтерби, менюда кандай тамактар камтылган?

— Ооба, басымдуусу туристтер. Мисалы, мурда Вьетнамга Россиядан туристтер көбүрөөк келчү. Биздин алгачкы кардарларыбыз Россиядан келген туристтер болгон. Бүгүн болсо кардарларыбыз өзүбүздүн кыргыз мекендештерибиз, казак, өзбек жарандары десем болот. Биздин менюда шорпо, манты, плов, лагман, куурдак, борщ, пельмен, котлет тамактары жана Вьетнам ашканасы бар. Бул жактын ашканасы соус, татымалдары менен айырмаланат. Айрым тамакка кошчу татымалдарды Россиядан буйрутма менен алдырабыз. Акыркы жылдары Бишкек, Алматы, Ташкент шаарларынан түз каттамдар каттап, коноктордун саны көбөйүүдө. Анын арты менен биздин кафенин тамактарына суроо-талап жогору боло баштады. Жергиликтүү вьетнамдыктар лагман, манты тамактарын тамшанып жешет. Мындан тышкары, Испания, Малайзиядан келген туристтер биздин тамактарды жакшы көрүшөт. Вьетнам ашканасы көбүнчө деңиз тамактары менен толукталат. Аны бир-эки жолу жегенден кийин коноктор өз ашканасын сагына башташат.

— Тамак жасоодо кандай малдын этин пайдаланасыздар?

— Вьетнамда эт сатып алууда оорчулуктар бар. Себеби, уйлар башка породада, көбүнчө индия породаларындагы уйлар. Анын эти катуу, арыгыраак келет. Буйвол дагы бар. Буйволдун этин уйдун эти катары санашат. Буйволдун этинин даамы башкача, катуу да болот. Ошол себептүү биз ашканабызга австралиялык койлордун этин колдонобуз. Австралиядан келген кой менен уйдун эти адал сертификаты менен келет. Тооктун этин да ошол жактан алып пайдаланабыз. Негизинен Вьетнамда ислам динин тутунгандар аз. Жалпы мамлекет боюнча аз санда гана мечиттер бар. Эң жакын мечит биз жашаган шаардан 140 км аралыкта жайгашкан.

— Вьетнамга барган кыргыздар сөзсүз сиздикинен даам сызып кетишеби?

— Ооба, кыргыздын кухнясы деп колдоп келишет. 40 км алыс жайгашкан отелден жол жүрүп, бизден даам сызып кеткен мекендештериме ыраазылык билдирем. “Атайын келдик, сага колдоо болсун” — дешет. Биздин мекендештерибизге жалпы эсептен 10% арзандатуу каралган. Тамактардын баасы Кыргызстандагыдай, орто баа коюлган. Кафебиз улуттук колоритте кооздолгон. Ички жасалгасы боз үйгө окшош. Кыргызстандан мекендештерибиз сувенирлерди ала келишет. Жакында бир мекендешибиз чоң кыргыз шырдагын ала келиптир. Биздин интерьерге шырдак абдан жарашты, көрк берди. Учурда авиакаттам Бишкектен Вьетнамга бар. Ал эми 31-марттан баштап, Бишкек–Нячанг түз каттам коюлаары айтылууда.

— Туристтер үчүн кайсы мезгил эс алууга ыңгайлуу?

— Вьетнамда ноябрдан февралга чейин жамгырдын сезону болот. Бул жылы билинген жок, жаан аз болду. Эң жакшы аба ырайы марттын ортосунан июнь айына чейин эсептелет. Бул учурда жаан жок болот, күн өтө ысыбайт, деңиз таза болот. Бул жакта жай өтө ысык болот, ысыктын аптабы 40-42ге чейин көтөрүлөт. Сентябрдан ноябрга чейин да аба ырайы жакшы болот. Негизинен болжолдуу июнь айынан баштап каттамдар азая баштайт.

— Вьетнамда жергиликтүү эл тропикалык жемиштерди сатуу менен алектенеби?

— Айыл чарбасы биринчи орунда турат. Күрүч көп өстүрүлөт. Экспортко да көп кетет. Жемиштердин түрү өсөт, ал дагы сыртка сатылат. Вьетнам дүйнө жүзү боюнча кофени экспорттоо боюнча 2-орунда турат. Дуриан жемиши экспорт боюнча алдыңкы орунда турат. Манго, маракуйя, рамбутан жемиштери Европага, Америкага сатылат. Бул жаатта Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанга да суроо-талап жогору. Тилекке каршы, Вьетнамда карго жоктугу убарагерчиликти жаратат.

— Мекенден алыста жүрүп, өлкөңүз тууралуу эмнелерди ойлоносуз?

— Жакын туугандарыбыз Кыргызстанда. Жай мезгилинде балдарыбызды айылга алып барганга шашылабыз. Вьетнамдын жарандыгын алууга кызыкпайбыз. Анткени, кайтып келе турган жерибиз – бир гана Кыргызстан. Вьетнамдан тааныштарым жарандык ал же үй ал деп айтышат, негедир мен ага көнбөйм. Кыргызстанга үй салып жатам, келечекте өз өлкөмдө жашагым келет. Жумушумду өз мекенимден улантсам дейм. Өткөн жылы өлкөбүзгө барып, өнүгүү, өзгөрүүлөрдү көрүп, сыймыктандым. Жаңы жолдор, жаңы объекттер, жаңы курулуштар жанданыптыр. Бул темп менен кетсек, жакынкы он жыл ичинде мекенибиз өнүккөн өлкөгө айланат. Жубайым экөөбүз 3 баланы тарбиялап жатабыз. Бул жакта орус, англис, вьетнам тилиндеги бала бакча, мектептер бар. Биздин балдар англисче окуткан бала бакча, мектептерге барышат. Үйдөн кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылабыз, тилибизди унутпаса экен дейбиз.

Мээрим Бактыбек кызы

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X