Виноградное айылындагы каналдан адамдын жансыз денеси табылды
26-октябрь күнү болжол менен саат 11:00дө, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Виноградное айылында, «Ат-Башы» каналына балык улоого кеткен 1958-ж.т. Ч.А. аттуу жарандын дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денеси суудан табылган. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.