Волейболчулар Азия чемпионатында байгелүү орунга ээ болушту
Кыргызстандын волейбол боюнча кыздар курама командасы Азия чемпионатында 3-орунду багындырышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Чемпионатка жалпы 4 курама команда катышкан: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан. Жарым финалда Кыргызстан 3:2 эсебинде Казакстанга жеңилип,. ал эми 3-орун үчүн күрөштө Тажикстан курамасы менен ойноп 3:1 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болушту.
«Турнирдин жыйынтыгы менен курама команданын мүчөсү Айтурган Айтбекова “Мыкты диоганалчы”, ал эми Нургазы Көкчолоков “Мыкты калыс” наамына ээ болду. Курама команда башкы машыктыруучу Нурланбек Тойчубековдун жетекчилиги алдында турнирге катышты», — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мелдеш 26-30-октябрь күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында болуп өттү.