«Яндекс» компаниясы Кыргызстанга эмне үчүн салык төлөйбөй келген?
Кыргызстанда иш алып барген Россиянын «Яндекс» маалыматтык-технологиялык компаниясынын такси кызматы өлкөдөн миллиондорду алып чыгып кетип жатат. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Улукбек Ормонов парламенттин тармактык комитетинин 21-сентябрдагы жыйынында билдирди.
Ормоновдун айтымында «Яндекстин» Кыргызстандын аймагында катталган өкүлчүлүгү бюджетке салык төлөйт, бирок компания өзү өлкөгө салык төлөбөй келет.
«Мен бул маселени төрт жылдан бери айтып келе жатам. Салык кызматына канча жолу кат жаздым. Компания бир тыйын салык төлөбөйт. Уюлдук тиркемеси менен 5 миңден ашык кыргызстандык жаранды иштетет, алар үчүн салык төлөтсөк, миллиард сомго чыгып кетет. Алар башка таксилерди кысымга алышат. Ошол эле учурда тарифтерди негизсиз көтөрүшөт, эл кыйналып жатат. Мамлекеттик монополияга каршы агенттик бул маселени өз көзөмөлүнө алышы керек. Баалар элге жеткиликтүү болушу керек. Туура, тиркемеси жарандар үчүн ыңгайлуу, бирок компанияга салык төлөтүү керек. Казакстанда соттун чечими менен иштешине тыюу салынды», — деди Улукбек Ормонов.
Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдин маалыматына караганда, «Яндекс» компаниясы Кыргызстандагы ишмердиги үчүн салык төлөөгө макул болду. Ал эми тиркемеге катталган такси кызматынын айдоочулары электрондук патенттин негизинде гана иштей алышат деген талап коюлат.
Догоевдин айтымында эгерде айдоочунун электрондук патенти жок болсо, ал «Яндекстин» такси кызматында иштей албайт.
«Компания ушундай система менен иштөөгө даяр экенин билдирди. Салык кызматында «электрондук патент» системасы бар, патенттер берилип жатат. Биз аны «Түндүк» порталы менен байланыштырабыз жана «Яндекстин» таксисттери электрондук патент ала алышат», — дейл ал.