"Эркин-Тоо"

ЫНТЫМАКТУУ ИШКАНАНЫН ИЙГИЛИГИ

«Кыргызнефтегаз» ААКсынын өткөн жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрү чынында эле алкоого арзыйт. Компания жылданжылга мунайзат өндүрүүнүн көлөмүн арттырып, жаңы активдерди өздөштүрүп, өлкөдөгү алдыңкы ири ишканалардын сабын толуктап келатат. Албетте, мындай жетишкендиктердин артында «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов баш болгон башкармалыктын мүчөлөрү жана эмгек жамааты турат.

Өлкөдөгү өндүрүш тармагында локомотив болгон “Кыргызнефтегаз” мекемеси өткөн жылга белгиленген ишпланын, алдыга койгон максаттарын дээрлик толугу менен аткара алды. Нефтичилер күнүнө карата ишкананын чоң мааракеси өткөрүлүп, ага өлкө башчысы Садыр Жапаров өзү катышып, кара майды күн-түн дебей өндүргөн кесиптин ээлерине каалоотилектерин айтып, өндүрүштө жакшы көрсөткүчтөр болуп жатканын белгилеген. Ушунун өзү ишканада чоң ийгиликтер жаралып жатканынан кабар берет.

2022-жылдын жыйынтыгы менен нефтини өндүрүүнүн көлөмү 178 миң тоннаны түзсө, 29 млн 860 миң куб жаратылыш газы өндүрүлүп, белгиленген план ашыгы менен аткарылган. Мурунку жылга салыштырмалуу 5 миң тонна көп нефти өндүрүлгөн. Компаниянын таза кирешеси 3,5 млрд сомдун тегерегинде болуптур.

Акыркы жылдары “Кыргызнефтегаз” өндүрүшкө керектүү болгон жабдууларды сатып алууну биринчи максатка коюп жатат. Буга бир эле мисал катары мобилдик бургулоочу жабдуу алынганын айтсак болот. Жумушчулардын социалдык абалын жакшыртуу көз жаздымда калган эмес. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышканы барганда, заманбап медициналык шаймандар менен камсыздалып ишке киргизилген”Нефтчи” профилакториясы менен таанышып чыккан. Бул мекемеде «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун 800дөн ашуун кызматкери дарылана алат экен.

“Кыргызнефтегаз” компаниясы өлкөбүз үчүн стратегиялык жактан өтө маанилүү ишкана болуп эсептелгендиктен, аны заманбап технологияны пайдалануу менен өндүрүшү өр алган ири компанияга айландырууга аракеттер көрүлүп жаткан учур. Мурунку жылдарда «Кыргыз Петролеум Компани» мунайды кайра иштетүүчү завод дээрлик чыгашага иштеп келген болсо, 2022-жылы ишкананын таза кирешеси 160 миллион сомду түзгөн.

Учурда «Кыргыз Петролеум Компани» заводун модернизациялоо, эл аралык стандарттарга жооп берген продукцияны чыгарууга өтүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча комплекстүү чаралар көрүлүп жаткан кез. Модернизацияланган завод 80% түстүү продукция чыгарып, евро-5 стандартында дизель майы, АИ-92 маркасындагы бензин, автоунаа газы, алтын күкүрт өндүргөнгө жетишет.

Ооба, жылдан-жылга мунайзаттын көлөмү азайып жатканы маалым. Ушундан улам, компания жаңы кен чыккан жерлерди ачып, бургулоо, чалгындоо иштерин жүргүзүүгө аракет кылууда. “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизилиши керектигин аныктаган “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун сунушу Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан колдоого ээ болуп, аталган мыйзамга өзгөртүү киргизилип, өткөн жылы мыйзам кабыл алынган. Ошол мыйзамдын алкагында жаңы кендерди иштетүү үчүн ишкана үч лицензия алса, андан башка беш лицензияга өтүнмө берген.

Мекеме техникаларын дээрлик 60-70 пайызга жаңылаганга жетишкен. Жумушчулардын айлык маяналары 44%га көтөрүлүп, азыр орточо айлык акы 41 миң сомго көтөрүлгөн.

Мындан башка, жумушчуларды турак жай менен камсыз кылуу жаатында компаниянын башкармалыгы көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча мамлекеттик ипотекалык компания менен иш алып барып жатканы алкоого арзыйт. Турак жай курууга жер маселеси чечилип, 200 батирлүү турак жай куруу каралууда.

Өлкөдө өнөр жай өндүрүшүнүн флагманы болгон “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун жетишкендиктери албетте, экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзөрү талашсыз. Ошондуктан, компаниянын жамаатына иштеринде албан ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.

Шекербек КАЛЫКОВ
№16 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 3-марты

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!