Ырысжан Каимова, жазуучу Касым Каимовдун жубайы: “Беш маал намазын окуган Касымды, бир да жазуучу саткан эмес”

18-май, 2026-ж. / Редакция / Маек 236

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы жыйындар залында көрүнүктүү жазуучу, чебер прозаик, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Касым Каимовдун 100 жылдык мааракесине арналган адабий-эскерүү кечеси өткөн.

Салтанатка калемгердин өмүрлүк жары Ырысжан Каимова, уулдары Сыргак жана Нурдин Каимовдор катышып, улуу жазуучунун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу жүрөк толкуткан эскерүүлөр менен бөлүшүштү. Ал иш-чарага анын замандаштары, калемдештери – Кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишев, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов, драматург Бурул Калчабаева, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, жазуучу-публицист Абибилла Пазылов жана Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров сыяктуу көрүнүктүү инсандар катышып, Каимовдун чыгармачылык дүйнөсүн, адамдык бийик сапаттарын терең баяндап беришти.

Иш-чаранын соңунда сөз алган Ырысжан апа келгендерге өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирип, бул кеченин улуу инсандардын арбагын ыраазы кылганына кубанычта экенин айтты. Ал толкунданып, жүрөгүндөгү сезимдерин жашыра албай:

“Балдарым, ушул күнгө чейин башымдан өткөн эки өзгөчө окуяга өзүм да таң калып келем. Ошолорду силерге айтып берейин…” – деп калды.

— Мен казактан кыргызга 17 жашымда келин болуп келдим. Жаш кезибиз эле, мен 20 жашта, Касыкем 30 жашта. Ошол кезде Касыкем «Пионер» гезитинин редактору болуп иштеп турган экен. 1957-жылы Аалы Токомбаев «Чалкан» гезитинин редактору болуп турган болчу, бир күнү эле Касыкеме түз эле айтышыптыр: “Чалкан” гезитинин редактору болсун-дешип. Макул болуп, Касыкем ошол гезиттин редактору болуп иштеп калды. Өмүр бою жалаң редакторлук милдетти өтөдү десем жаңылышпайм. «Чалкан» гезитинен кийин «Ала-Тоо» журналында, андан кийин «Кыргызфильмде» редактор, кийин «Кыргызстан маданияты» гезитин да жетектеп, ошол жерден ден-соолугуна байланыштуу кызматын өткөрүп берип, ардактуу эс алууга чыкты.

Ал кезде жазуучуларга үй бериле турган. Азыркы Москва көчөсүнөн 16 акын-жазуучуларга үй берилип, биз да ошол жерде жашап калдык. Ал жерде кыргыздын залкары Саякбай Каралаев баштаган Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Шүкүрбек Бейшеналиев, Токтоболот Абдымомунов, Насирдин Байтемиров, Абдрасул Токтомушевдер бир үй-бүлөдөй бапырап жашап турдук.

Бир күнү таңкы сегизде эле эшиктин коңгуроосу шыңгырап калды. Эшикти ачсам эле, арбагыңдан айланайын, балпайып Саякбай Каралаев турат. Ага чейин Манас айтканын көрүп, угуп “бул адам кандай касиет жылоологон адам” деп аябай таң калып жүрчүмүн. Бир азга ойлоно калганча, арыдан Касыкем чыгып эле:

— Ой келиңиз, кириңиз-деп эле чыйпылыктап калды.

— Жок, кирдим. Кечинде саат алтыда экөөң келип, үйдөн тамак ичип кеткиле -деди.

Таң калып эле калдым: — Капырай, Касыкем 30да, мен 20да болсок, биз бул кишини чакырып тамак берсек болот эле, аксакал башы менен бизди чакырып жатат- деп.

Анан кечинде үйүнө конокко бардык. Байбичеси бейиши болгур Бейшекан эже да көйкөлгөн жакшы адам эле. Жаркылдап тосуп алышты. Кадимки чоң конок тоскондой кенен кылып дасторконун жайып коюшуптур. Сакем менен абышкамдын сөздөрү түгөнбөй көпкө сүйлөшүп отурушту. Кетээрде Сакебиздин батасын алдык. Ошондон кийин бир үй-бүлөдөй катышып, ымалабыз жакын болуп кетти. Ушул кезге чейин ошол Саякбай Каралаевдин улуу башын кичүү кылган, урмат-сыйын көрсөткөн мамилеси, ата-бабалардан калган асыл салтты сактап, бизге үй төрүн көргөзүп урмат кылганы эч качан эсимден кетпей койду.

Эми эсимден эгерим кетпеген, Касыкемдин акын-жазуучу замандаш, теңтуш калемдештеринин ушунчалык биримдиктерине, ынтымактарына ыраазы болгон экинчи бир учурлары жөнүндө айтайын:

— Касыкем экөөбүз турмуштун ачуу-таттуусун көрүп, балдарды чоңойтуп бактылуу жашадык. 20 жашынан эле өнөкөт оорусунун айынан Талас районундагы Энгельс (азыркы Үч-Эмчек) айылында кымыз менен өзүн-өзү дарылап, саламаттыгын чыңдоонун аракетинде болуп, чыгармачылыкта изденип иштеп, тыным алган жок. Кийин Касыкем кайтыш болгондо ушул борбордо жашаган жазуучулардын бири да калбай Таласка барышты. Улуу-кичүүсүнө карабай ошол жерде күнү-түнү кызматтарын кылышып, Каскемди койгондон кийин келишти. Чыңгыз ошол кезде Москвада болуп калды. Ал бир укмуш кылып жазып, мага телеграмма жибериптир. Кийин бул жактан жанагы “Ашар” дегени чыгып Чыңгызды Фрунзеге чакырышып, 1-2 күнгө эле келген экен. Анан “айта турган сөзүм бар эле” деп бардым, барсам аябай жакшы кабыл алып, кучактап көңүлүн айтты.

Чыкем ошондо мага терең ойлуу, жүрөккө жеткен сөз айтты:

— Ырысжан, ал сени таштап кетти, кайтыш болуп кетти деп катуу кайгырба. Касыкем эки дүйнөнүн тең милдетин аткарып кетти, — деди.

Мен бул сөздү укканда аң-таң болуп туруп калдым. “Ой тобо, бул адам мунун баарын кайдан билип калды?”-деп ичимен таңыркадым.

Анткени, биз жашаган советтик доордо “Кудай жок” деп тарбия беришчү. Эгер студенттер Кудай бар деп ачык айтышса, окуудан чыгарылып кетчү. Атеизм үстөмдүк кылган ошол заманда Касыкем жаш кезинен тартып беш маал намазын калтырбай, бирок жашыруун окуган такыба жан эле.

Чөнтөгүндө партбилети жүрсө да, жүрөгүндө ыйманы бекем болчу. Намазын үзбөй, ишенимин эч качан жоготкон жок. Жазуучулар анын иш бөлмөсүндө жашынып намаз окуганын көрүп-билишсе да, аны эч ким ашкерелеген жок. Аны Чыкем деле билген экен. Ошону айтып жатыптыр. Себеби Касыкемдин адамгерчилиги, кең пейили, боорукерлиги ар биринин жүрөгүнөн орун алган эле. Аны урматташкандыктан, эч ким жогору жакка же КГБга жеткирүүгө даабаган.

Дал ушул нерселер Касыкемдин кандай улуу инсан болгонун айгинелеп турат,- деп сөзүн жыйынтыктады Ырысжан апа.

 Күнболот Момоконов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X