Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айыл аймагынын башчысы Кубандыков Жунус Баязович: “Электр энергия, таза суу — бакубат жашоо өбөлгөсү”
Жетекчи тууралуу маалымат
Каарманыбыз жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына кызматка келгенге чейин ар бир жигиттин тагдырына энчилүү болгон Мекенди коргоо озуйпасын аткарып келген. Ал жактан келгенден кийин милиция кызматында 5 жылдан ашуун мезгил эмгектенген. Андан соң КРнын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратында Укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө башкы адиси болуп эмгектенет. Ошол жерде эмгектенип жүргөн жылдарында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын милдеттери тууралуу кеңири түшүнүккө ээ болот. Арадан жылдар өткөндөн кийин Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп которулуп келет. Өтө жооптуу кызматта бир жыл иштегенден кийин атайын комиссиянын аңгемелешүүдөн кийинки корутундусуна ылайык Жунус мырза ушул айыл өкмөттүн башчысы болуп калат. Ошондон бери эл жүгүн аркалап, Узун-Кыр айыл аймагынын социалдык-экономикалык жашоо-шарттарын жакшыртуу менен алек болуп, өзүнүн мыкты командасына таянуу менен иштерин жүргүзүп келе жатат.

Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Кубандыков Жунус Баязович жай маалындагы түмөн түйшүктөрү менен алек болуп жаткан чагы. Аймактагы жашоочулардын ийгиликтери, жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу кабардар болуу максатында айыл кеңсесине баш бактык.
— Жунус Баязович, өзүңүз жетектеп келе жаткан айыл аймактагы ийгиликтер коштогон аракеттер туурасында айтып берсеңиз?
— Биздин айыл өкмөтүбүзгө караштуу 6 айыл бар. Ново-Покровка, Сары-Жон, Ленин, Төмөнкү-Нооруз, Жер-Казар, Дружба айылдары биздин карамагыбызга караштуу айылдар. Аймактык административдик ротациялоонун алкагында Ново-Покровка жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрүн бириктирип, бир айыл өкмөтү кылышкан эле. Ошону менен биздин аймагыбыз түптөлгөн. Төмөнкү-Нооруз, Жер-Казар, Дружба айылдары ААРге чейин Узун-Кыр айыл аймагына караштуу болчу. Бул айыл өкмөтү мурун дотацияда отурган. Ал эми Ново-Покровка айыл өкмөтү болсо башынан эле ар тараптан кубаттуу, бюджети дагы бакубат аймак эле. Азыр дагы Кудайга шүгүр, быйылкы жылы бюджетибизди 73 млн сом менен бекитип, иштеп жатабыз. Биздин айыл аймагыбызда учурда резервдеги дыйканчылык жерлери боюнча тактоо, бекитүү боюнча соттук териштирүү иштери жүрүүдө. Ошондуктан быйылкы жылы айырмачылыктарды жараткан суммалар кошулган жок.

— Президент Садыр Жапаров айыл аймактардын социалдык-экономикалык абалын чыңдоо үчүн тез арада аткарылчу тапшырмаларды берип жатат. Ошол тапшырмалар кандай аткарылууда?
— Албетте биз дагы кечиктирилбей аткарылчу иштердин катарына кирген милдеттерибиз сапаттуу бүтүрүү аракеттерин жасап жатабыз. Бул арада “Узун-Кыр” муниципалдык ишканабызды түптөп, субсидияларды берип, материалдык-техникалык базасын чыңдап, ар тараптан колдоолорду көрсөтүп жатабыз. Ар кандай керектүү техникаларды сатып берип, абалдарын чыңдап жатабыз. Маселен, таштандыларды чыгаруу үчүн 3 машина, чарба жумуштарына жүк ташуучу унааны, манипуляторду, калкыбызды таза суу менен камсыз кылууда жумуштарды аткара турган техникаларды жергиликтүү бюджеттин эсебинен алып бердик. Андан тышкары ар жылы биз жергиликтүү бюджеттин эсебинен социалдык объектилерибизди оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп келебиз. Быйылкы жылы Президенттин фондусунан биздин аймагыбызга 800 млн сом бөлүндү. Бул каражатты биз аймагыбызга муниципалдык бала бакча курууга пландап жатабыз. Ушул убакка чейин биздин аймагыбызда бала бакча жок болчу. Азыр 120 орундуу 2 бала бакча курулуп жатат. Аймагыбызда 2 орто билим берүүчү мектеп бар. Бирок калктын саны өсүп, окуучу балдар көбөйүп, мектептерге батпай калган. Быйыл Президенттин фондунан атайын каражаттар бөлүнүп, 250 орундуу 2 имарат эки мектебибизге кошумча болуп курула баштады. Жусуп Абдрахманов атындагы №3 жана №1 орто мектептерибиздеги кошумча имараттар жаңы окуу жылында балдар үчүн эшигин ачмакчы. Биздин аймагыбызда жалпы облус деңгээлиндеги жаңы төрөт үйү дагы курулуп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу эски имаратта капиталдык ремонт иштери жүрүп жатат. Саламаттыкты сактоо боюнча дагы бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, Жер-Казар айылында дагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар. 2022-жылы АРИС программасы аркылуу ушул Жер-Казар айылындагы бейтапкана 1 млн 200 сомго капиталдык ремонттон өтүп, ар бир дарыгерлерибиздин калк саламаттыгына кам көрүүсү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлүп, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз болушкан.

— Таза суу менен элди камсыз кылуу жагы кандай болууда?
— Ушул убакка чейин Ново-Покровка айылында калкты таза суу менен камсыз кылууда айрым маселелер жаралып келген. 2025-жылы 13 млн сомго 3 суу мунарасына капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүздүк. Азыр мурунку жылдарга салыштырмалуу элди таза суу менен камсыз кылуу оң жагына чечилип, суунун басымы жакшырды. Таза суу менен камсыз кылууда кошуна жайгашкан Жайылма айыл аймагынын калкынын үчтөн бир бөлүгүн биз таза суу менен камсыз кылабыз. Анан ичүүчү суу менен камсыз кылуу департаментине биз долбоорубузду сунуш кылдык. Келээрки жылы биз аймагыбыздагы таза суу түтүктөрүн жаңылоо иштерин жүргүзүү алдында турабыз. Төмөнкү-Нооруз, Жер-Казар, Дружба айылдарындагы таза суу менен камсыздоочу түтүктөрүн дагы алмаштыруу үчүн атайын долбоорду ошол департаментке тапшырдык. Эми буюрса, суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн аракеттерибизди жасап жатабыз. Бул иштердин баары республикалык бюджеттен каржыланмакчы.
— Жунус мырза, сиздерде инвесторлор менен иштөө жагы кандай болууда?
— Биз 2023-жылы “Терек-Таш” жоопкерчилиги чектелген коомуна 26 гектар жерди иштетүү үчүн бөлүп бергенбиз. Мыйзамга ылайык өзүнүн процедуралык иштери менен трансформациялоодон өттү. Ал жердеги курулуш 2026-жылы аяктап, пайдаланууга берилди. Көлөмдүү иштерди жасай турган цемент заводу курулду. Жаңы түзүлгөн муниципалдык ишканабыздын имараты абдан эски болгондуктан СТИМгранттын жардамы менен ал имаратты толук капиталдык ремонттон өткөрүп, ишкер азаматтарыбызга шарттар түзүлдү. Ага жумшалган 8 млн сом каражаттын 50 пайызы өзүбүздүн жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
— Жолдор дагы жашообуздагы маанилүү маселелердин бири, сиздерде жолдорго кандай көңүл бурулууда?
— Ново-Покровка айылында 2, Дружба айылында 1 көчөбүзгө ушул тапта асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул иштер дагы СТИМгранттын жардамы менен иш жүзүнө ашып жатат.

— Жакыр жашаган адамдарга кандай камкордуктарды көрүп жатасыздар?
— Биздин айыл аймактагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардамдарды берүү иштери ар качан жүргүзүлүп келе жатат. Айыл аймагы боюнча 32 үй-бүлөгө социалдык паспорттор берилген. Ал эми жакыр үй-бүлөлөрдүн катарында 237 адам катталган. Андан сырткары 37 адам “Баатыр эне”, 18 адам “Эне даңкы” сыйлыктары менен сыйланган. Аларга дагы акча каражаттарынан бөлүп берип турабыз. Жылдын алгачкы 6 айында айыл аймактын бюджетинен 250 миң сом акча жумшалды. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, тылда кызмат өтөгөн адамдарга, Чернобыль апаатына, Афганистан, Баткен коогалаңдарына катышкан баатырларга акча каражаттарын таратып, жардамдарды берип турабыз. Жетим-жесирлерге, майыптыгы бар инсандарга дагы акчалай жардамдар көрсөтүлүп, моралдык жактан колдоолор бар.
— Жаштарды, спорт сүйүүчүлөрдү колдоо иретинде кандай иштерди жасап жатасыздар?
— Ооба, келечегибиздин ээлери болгон азамат уул-кыздарыбыз менен иштөө үчүн жаштар комитети түзүлгөн. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын курамынан турган активдер бар. Алар активдүү иш алып барышат. Айылдарыбызда грек-рим күрөшүнө кызыгып, машыккан жаштарыбыз көп. Алар ар кандай мелдештерге катышып, аймагыбыздын намысын колдон чыгарбай, ийгиликтерди жаратып келе жатышат. Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган Спартакиадада жалпы Ысык-Ата районунун намысын коргоо үчүн биздин аймактан 10 спортсмен катышып, жалпысынан 2 орунду алып, баарыбызды кубандырышты. Биз резервдик фонддон алардын жол акылары, кийим-кечелери, тамак-аштары үчүн акча каражаттарын бөлүп бердик.
Өткөн жылы Ош шаарында болуп өткөн мелдештерге катышып, ал жактан дагы байгелүү орундарга ээ болушту. Биздин администрация менен кошо аттуу-баштуу адамдар, ишкерлер спортсмендерибизди акчалай сыйлыктары, белектери менен кубандырышып, мыкты мотивацияларды беришти.
Биздин айыл аймагыбызда азыр чыгыш айланма жолу салынып жатат. Борбор калаабыздагы жол тыгындарын азайтуу, абалдан чыгуу максатында мыйзамдуу жасалып жаткан иштер колдоолорго алынууда.
Аймагыбыздагы жашоочуларды таза суу менен камсыз кылып, канализация маселелерин чечип алсак алдыбыздагы чоң пландарыбыздын орчундуусу ишке ашкан болор эле. Азыр атайын долбоорлорду жазып, жайылтып аракеттерибизди жасап жатабыз. Облустук жана араб фонддору менен кат алмашууларды жүргүзүп, жолугушууларга баруудабыз. Келерки жылы ушул иштерибизди ийгиликтүү жыйынтыктап алаарыбызга ишенем. Эгерде элибиздин электр жарыгы өчпөй, таза суусу оргуштап агып турса, элибиз бактылуу болуп, бейгам жашайт, тынч уктайт.

— Жунус мырза, маанилүү маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Бекем ден соолук, жемиштүү ийгиликтерди каалайбыз.
Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Жунус Баязовичтин эл жүгүн артынып, аймакты алыска таанылтып, ийгиликтерди жарата бере тургандыгына ишенебиз. Жунус мырза, иштериңизди ийгиликтер жылоолоп, эли-журтуңуз менен бакубат турмушта, бактылуу өмүр сүрүңүздөр!
Раиса Дүйшөнбекова
Сүрөттөрдө: Айыл өкмөттөгү орчундуу окуялар