"Эркин-Тоо"

Ысык-Көл облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директору Шаршакан Огоева: “Дарттын алдын алуу – чың ден соолуктун кепили!”

Ысык-Көл облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директору Огоева Шаршакан Бакыевна узак жылдардан бери жетекчилик кызматында үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу, Саламаттык сактоонун отличниги, бир нече Ардак грамоталардын ээси Шаршакан айым учурда калк саламаттыгынын камын көрүп, үзүрлүү кызмат өтөп келет. Биз менен болгон баарлашууда шаршакан бакыевна өзү жетектеген мекемедеги жоопкерчилиги терең иш-аракеттери туурасында баяндап берди.

— Шаршакан Бакыевна, өзүңүз жетектеген борбордо жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

— Ысык-Көл облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун жамааты райондук мамлекеттик админис-трациялар жана Каракол, Балыкчы шаарынын мэриялары, саламаттык сактоо тармактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, укук коргоо органдары, ички иштер, билим берүү жана маданият, чек ара, дене тарбия жана спорт мекемелери, массалык маалымат каражаттары, “Мобилдик клиника”, “Улукман Дарыгер” диний уюмдары, Кызыл Ай Коому менен түзүлгөн бирдиктүү пландарынын негизинде иш алып барат. Ар бир тармакта АИВ-инфекциясын координациялоо үчүн буйрук менен жооптуу адамдар дайындалган.

Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧ-илдетинин алдын алуу боюнча облустук координациялык кеңеште 2 жолу маселе каралып, тиешелүү чечимдер берилген. Ошондой эле ушундай маселе шаар, райондук координациялык кеңештерде 6 жолу каралып, көйгөйлүү маселелер талкууланган жана чечимдери чыккан. Ал маселелер облустук санитардык-эпидемиологиялык кеңештин отурумунда 1 жолу, облустук жана шаар, райондук кеңештерде 6 жолу каралган. Ошондой эле мекемелерге чечимдерди аткаруу боюнча 109 кат, ССМ 6, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүккө 5, облустук саламаттык сактоо координаторуна 6, республикалык КЖВГжАИВКБна 24, райондук администрацияларга жана мэрияларга 2, облустук ооруканага 3 кат жөнөтүлгөн.

Жыл ичинде АИВ-илдетин алдын алууда кабыл алынган иш-чара планынын негизинде 177 күнгө 51 иш сапары аткарылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтердин негизинде ЫОБО, ОҮМБнун директорлоруна 2 талап кат берилди жана эрежени одоно бузгандыгы үчүн 3 укук бузуу протоколу түзүлүп, Түп ЖДПБнун төрөт үйүнө, Талды-Суу ҮДТ, Бостери ҮДТга бардыгы болуп 14000 сом өлчөмүндө айып пул чектелген.

— Сиздерди көзөмөлгө алган жетекчи мекемелердин тескемелери кандай аткарылууда?

— Саламаттык сактоо министрлигинин «Кыргыз Республикасындагы адамдын иммундук жетишсиздик вирусу менен жашаган адамдарга медициналык кызматтарды децентрализациялоо, механизмдерин бекитүү жөнүндөгү» буйругун аткарууда Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоонун координаторунун “Медицина мекемелеринин кызматкерлерин ВИЧ/СПИД боюнча аттестациядан өткөрүү жөнүндөгү” №48 буйругунун негизинде облустагы бардык медицина мекемелеринин (түрүнө карабай) кызматкерлери арасында семинар сабактары өткөрүлүп, аттестация жүргүзүлгөн.

2024-жылдын 18-июнунан баштап калкты В, С гепатиттеринин жана АИВтин биздин өлкөбүздө жайылуусун жана тобокелчилик факторлорун аныктоого багытталган улуттук изилдөө башталып, бул изилдөөлөр бардык аймактарды камтып, капысынан тандалып алынган үй-бүлөлөрдүн тургундары арасынан жүргүзүлдү. Бул изилдөөлөрдө 5 жаштан 17 жашка чейин жана 18 жаштан жогорку курактагы адамдардын арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, венадан кан алынып, атайын даярдалган команданын сурамжылоосу менен ишке ашырылды. Коопсуздук үчүн үй чарбаларын кыдырган адистер атайын белгиленген бейжиктерди тагынышып, бул саамалык облуста дагы жүргүзүлүп, КР Саламаттык сактоо министрлигинин №553 буйругунун негизинде борбордун эпидемиологиялык бөлүмүнүн кызматкерлери тартылып, изилдөөлөр жүргүзүлдү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы 2025-жылдын февраль айында маалымдалды.

— Учурда облуста канча адам ушул коркунучтуу дарт менен ооруйт?

— Ысык-Көл облусунда 2002-жылдан 2025-жылга чейин АИВ-илдети менен кумулятивдүү 547 жаран катталган, алардын ичинен 344 эркек (7 бала), 203 аял (2 кыз) катталган. Каза болгондордун саны бардыгы 97 (70 эркек, 27 аял), алардын ичинен 11 бейтап 2024-жыл ичинде каза болушту. АИВ-илдети аныкталган ар бир жаран менен эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүүнүн натыйжасында жугуу жолдору жана ар бирөөнүн өнөктөштөрү аныкталып, электрондук көзөмөлгө алынган. 2002- жылдан бери 547 АИВ-илдети менен катталган жарандардын 508инин өнөктөштөрү изделип табылып, алардын ичинен 56 өнөктөштөн АИВ-илдети аныкталган.

Бардык катталгандардын саны облус боюнча 547 адам, алардын ичинен: 442 жаран жыныстык жолу менен жугузуп алгандар, 80,8%, 80 жаран кан аркылуу жугуу жолу менен жугузуп алган, б.а. баңги затын ийне аркылуу кабыл алгандардын ичинен аныкталгандар, 14,7%ын түзөт. Ал эми энеден балага берилүү жолу менен 9 бала катталган. Бул балдардын энелери кош бойлуу кезинде АРВ (вируска каршы бериле турган дарыларды ичпей жана өз убагында дарыгердин көзөмөлүнө алынбай төрөгөн энелер) 1,6%ды түзөт. 16 жарандын жугуу жолдору аныкталбагандар б.а. 2,9%.

2002-жылдан бери диспансердик көзөмөлдө 352 АИВ менен катталган жарандар турат. Алардын ичинен 215 эркек, 137 аял киши. Ал эми 2024-жылы диспансердик көзөмөлгө 54 жаран алынып, антиретровирустук дары-дармектер менен дарыланууда. Антиретровирустук дарылар Глобалдык Фонду (ПРООН) аркылуу бекер, үзгүлтүксүз каржыланат. СПИД стадиясында 16 киши (13 эркек /3 аял), жаңы аныкталгандардан 5, (4 эркек 1 аял) жана 11 киши 3-4-өтүшүп кеткен баскычта кеч кайрылышып, өз убагында дарыланбай калгандыктан, 7 бейтап каза болду. 2024-жылдын 12 айынын ичинде жаңы катталгандардын арасынан АИВ жана кургак учук менен 2 киши аныкталып, азыркы тапта 1 мигрант адам каза болду, 1 жаран кургак учукка каршы жана АРТ терапиясын алып жатат.18 жашка чейин АИВ-инфекциясына чалдыккан 6 бала диспансердик көзөмөлдө турушат. Бардыгы АРТ дары-дармектерин алып, вирустук жүктөөсү төмөндөтүлгөн. Мамлекеттен бериле турган жөлөк пулду алышат жана андан тышкары ар бир квартал сайын ПРООН аркылуу мотивациялык жөлөк пул алышат. 2024-жылдын 12 ай ичинде 3 кош бойлуудан АИВ-инфекциясы аныкталып, диспансердик көзөмөлгө алынышкан. АИВ-инфекциясын энеден балага берилишин алдын алуу максатында АРВП дарылары менен камсыздандырылышат. Ушул эле жылы мурда аныкталган 9 кош бойлуу төрөп, өкмөттөн жөлөк пул алышат. Жаңы төрөлгөн балдар аныкталуучу ПЧР анализинен терс жыйынтык менен 18 айга чейин диспансердик көзөмөлдө болушат. Облус боюнча АИВ-инфекциясын алып жүргөндөрдөн төрөлгөн балдардын саны 91. Азыркы күндө 13 бала диспансердик көзөмөлдө 18 айга чейин турушат. Калгандары 18 айда АИВ-инфекцияга терс жыйынтыгы менен “Д” көзөмөлдөн алынган. Ошондой эле жаңы катталгандардын АИВ-инфекциясы менен кошо 3 адамдан гепатит С аныкталды, анализдери такталып бүткөндөн кийин гепатит Снын дарысын алып башташат. 15 жаран С гепатитинен дарыланып бүтүштү. 2023-жылдан баштап кан аркылуу жугуучу вирустук В, С гепатиттеринин алдын алуу, эрте аныктоо, лабораториялык диагностикалоо жана дарылоо боюнча облустун калкына жеткиликтүүлүгүн көзөмөлгө алып, саламаттык сактоо уюмдарында иш-чаралардын комплексин координациялоо жана инфекциянын жугуу коркунучу жогору болгон негизги жана аялуу топторго басым жасоо жүктөлгөн. Саламаттык сактоо уюмдары тарабынан курч, өнөкөт кан аркылуу жугуучу В, С, Д вирустук гепатиттеринин жана вирустук гепатит циррозунун учурларын так эсепке алып, каттоо жүргүзүп, дарылоо максатында облустун ар бир шаар, райондорунда дарыгерлер окутулуп, жооптуу сертификаты бар дарыгер гепатологдор дайындалган. Азыркы учурда ар бир ЖДПБда жана Каракол шаарындагы ҮДБда облус боюнча 572 адам ВГВ менен диспансердик көзөмөлдө турушат, алардын ичинен дарыланууга клиникалык көрсөтмөлөрү бар 160 бейтап амбулатордук түрдө дарыланууда.

В жана С вирустук гепатитин алгачкы аныктоо боюнча кан алып текшерүү ЖДПБ дарыгеринин же жашаган жери боюнча ҮДБда жүргүзүлөт. В жана С гепатитин акысыз дарылоо оорунун оордугуна жана социалдык статусуна карабастан КР бардык жарандары үчүн жеткиликтүү. Дарыгерлердин кеңеши, вируска каршы препараттар менен камсыз кылуу, базалык изилдөөлөр (клиникалык жана биохимиялык параметрлер, маркер жана ПЦР ыкмалары менен) акысыз жүргүзүлөт. Ал эми лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдүн айрым түрлөрү (боорду ультра-үндүү изилдөө Фиброскан, МРТ жана башкалар) бейтаптын эсебинен жүргүзүлөт.

2024-жылы АИВ-нфекциясына лабораториялык анализ жүргүзүү 2023-жылга караганда дээрлик облус боюнча 6327 анализге көбүрөөк жасалып, АИВ-инфекциясы 49 жарандан аныкталып, алардын 60 өнөктөшү изделип табылып, 5 өнөктөштөн АИВ аныкталган. 49 АИВ аныкталган жарандардын ичинен 45%ы (22 жаран) клиникалык көрсөтмөлөрү менен аныкталган. Облустук Медициналык маалымат Борборунун маалыматы менен 7663 кош бойлуу катталып, 100% АИВ-илдетине текшерилген жана партнерлорун текшерүү 95%ды түздү. Жыл ичинде АИВ аныкталган 3 кош бойлууга өз учурунда (ЭББЖБ) энеден балага бериле турган жолун бөгөттөөдө бериле турган АРВ дары-дармектери менен өз убагында 100%га камсыздалып, төрөлгөн ымыркайларды 48 сааттын ичинде жана 4-6 жумада АИВ-инфекцияны эрте аныктоо үчүн ПЧРден өткөрүү 100%га жеткирилди.

— Россиядан келген мобилдик клиника кандай иштеп жатат?

— Россия Федерациясынын “СПИД Инфосвязь” фонду инфекциялык ооруларды алдын алуу программасы менен берилген мобилдик клиника облустун тургундарына жардам катары инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында облустук саламаттык сактоо координатору менен макулдашылган иш графигинин негизинде Каракол шаарынын, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунда 2024-жылдын май айынан баштап 6-декабрына чейин жардам катары профилактикалык иштерин жүргүздү. Каракол шаарынын 22 мекеме-ишканалары, эмгек биржасы, 3 базар жана 4 кичи-райондорунун тургундарын жана аталган үч райондун 67 айылынын тургундарын камтыды. Бардыгы 6499 жаран терапевт дарыгерлердин кароосунан, 4181 аял акушер-гинекологдордун текшерүүсүнөн өтүп, 5409 адам УЗИ аппаратында текшерилген. Алардын ичинде 230 мигрант, 981 мигранттардын үй-бүлөсү профилактикалык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Ошондой эле 3735 жаран АИВ-илдетине тестирлөөдөн өтүп, 1 оң жыйынтык аныкталган, вирустук гепатиттин В түрүнө 3735 адамдан 51 оң жыйынтык, вирустук гепатиттин С түрүнө тапшырган 3735 адамдан 30 оң жыйынтык жана сифилис илдетине 3735 адам текшерилип, 26 оң жыйынтык аныкталган. Текшерүүдөн терапевт, гинеколог дарыгерлеринен, УЗИ аппаратынан жарандардын денесинде кандайдыр бир дарт аныкталган болсо же болбосо жогоруда лабораториялык тестирлөөдө аталган инфекцияларга оң жыйынтык көрсөткөн болсо, аларга тийиштүү Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна, Жалпы дарыгерлик практикалык борборлоруна, андан ары дарыланууга 980 жаранга жолдомо берилген.

— Ар бир жылы СПИДге каршы күрөшүү күнүн зор уюшкандыкта, ийгиликтүү өткөрүп келесиздер. Өткөн жылы бул учурда эмнелер менен алек болдуңуздар?

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк КИЖСке каршы күрөшүү күнүнө жана АИВ-инфекциясын алдын алуу максатында үстүбүздөгү жылдын 30-октярындагы №1172 буйругунун жана Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 20-ноябрындагы №324 тескемесинин негизинде “АИВ билим – сенин коопсуздугуң, дарылануу – сенин ден соолугуң” ураанынын астында облуста 20-ноябрдан 20-декабрга чейин 1 айлык өткөрүү жарыяланып, иш-чаралар бекитилди. Аталган айлыктын алкагында иш-чаралар облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк, Каракол, Балыкчы шаардык мэриялары, райондук мамлекеттик администрациялары, айыл өкмөттөрү, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттери, мектеп окуучулары менен бирдикте чоң масштабдагы акция өткөрүлдү. Өткөрүлгөн бир айлыктын алкагында облустун жарандарына массалык маалымат каражаттары аркылуу АИВ-инфекциясы тууралуу кеңири жана жеткиликтүү маалыматтар облустук телевидение жана ЛЭД экран аркылуу кыскаметраждуу роликтер, орус жана кыргыз тилдеринде жарнамалар берилип, облустук телевидениеде таңкы түз эфирге ЫОКЖВГжАИВКБнун директорунун жана дарыгерлеринин катышуусунда кеңири маек уюштурулду.

Каракол шаарындагы Т.Сыдыкбеков атындагы облустук китепканада жогорку жана кесиптик окуу жайларынын арасында дебат жана Kahoot оюн окутуу платформасы аркылуу 50 студенттин катышуусунда конкурс өткөрүлдү. Мектеп окуучуларынын арасында сейрек жашоону пропагандалоо боюнча 100 окуучунун катышуусунда “Мен дени сак коом үчүн” аттуу спорттук викториналык мелдеш, флешмоб уюштурулуп, ага жергиликтүү бюджеттен 20 000 сом акча каражаты бөлүнүп, конкурстун жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

Мындан сырткары айлыктын алкагында Каракол шаардык мэриясынан 60 000 сом акча каражаты Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдындагы ден соолукту чыңдоо кабинетине коомдук жайларда, калктуу конуштарда жарандардын жугуштуу оорулар боюнча сабаттуулугун жогорулатуу жана АИВ/КИЖС оорусун эрте аныктоо максатында медициналык текшерүүлөрду, экспресстесттерди уюштуруу акциясын өткөрүү үчүн бөлүнүп берилген. Акцияга 400дөн ашык адам катышкан.

Тоң районунда АДК жана “Кызыл Жарым Ай Коомунун” кызматкерлеринин катышуусунда 6 мектепте 9-11-класстын 360 окуучусунун, Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунда, Балыкчы шаарында 480 окуучунун арасында Kahoot программасы менен оюндар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө мактоо баракчалары, дипломдор тапшырылды.

1-декабрда Каракол шаардык борбордук аянтта облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммуножетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору, облустук ден соолукту чыңдоо комитети, облустук “Аялзат“ коому, Аялдардын репродуктивдүү ден соолук “Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому”, Каракол шаарынын мэриясынын жаштар комитетинин мүчөлөрү менен биргеликте «Ден соолук» чатыры тургузулуп, калк арасында ВИЧ/СПИД жөнүндө маалымат берилип, АИВге ыкчам шилекей тести менен ж.о. эле кант оорусуна текшерүү жүргүзүлгөн. Волонтерлор тарабынан буклеттер, баракчалар, браслеттер, төш значоктору таратылып, элди тестирлөөгө үндөп жатышты. Андан тышкары викторина өткөрүлүп, белектер берилди.

Акцияда жалпысынан 1000ге жакын жаранга маалымат берилип, баракчалар таратылды.

Облустук, райондук ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери тарабынан жалпы 94 семинар өткөрүлдү: облустук деңгээлде 1, шаардык деңгээлде 7, райондук деңгээлде 3, айылдык деңгээлде 83 семинар болду. Жалпы камтылган адамдардын саны 3553. Семинарлар облустун бардык билим берүү, медицина мекемелеринде, калк арасында өткөрүлүп, информациялык материалдар таратылды.

Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 12 акция өткөрүлдү. Акцияга жалпы катышкандардын саны – 2317.

Жети-Өгүз районунун ДЧК кызматкерлери мугалимдер жааматтары, ҮДТ, ФАП, АДК, КДК мүчөлөрү менен биргеликте 9-11-класстын окуучулары “АИВ билим – сенин коопсуздугуң, дарылануу – сенин ден соолугуң” урааны менен флешмоб, сценка уюштурулду.

Ысык-Көл, Ак-Суу райондорунда ЦОВП, мектептер, РИИБ кызматкерлери катышкан 80 адам жөө жүрүшкө чыгып, маданият кызматкерлери концерттик программа көрсөтүштү.

Облустун саламаттык сактоо мекемелеринде ВИЧ/СПИДди алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, медицина кызматкерлери ҮДТ, ФАПтар арасында, ДЧК адистери менен биргеликте 18 семинар 2574 адамдын катышуусунда, 4 тренинг, 2399 лекция, 4800 аңгемелешүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Облус боюнча 30 орто мектептин 407 мугалимдерине семинар-тренингдер өткөрүлүп, 1800 даана информациялык-методикалык материалдар таратылды.

Облустун шаар, райондорунун мектептеринде, китепканаларда окуучулар катышкан ар кандай флешмобдор, видеороликтер, фотобуклеттер, викторина, макал-лакаптар, дил баян жазуу конкурстары, рефераттар жазылып, класстык сааттар, “Кахут” оюндары өткөрүлдү.

Мен айтар элем, келгиле бирге иштейли, себеби ВИЧ-СПИДге каршы күрөш ар бир кишинин өзүнөн башталат. Биздин негизги максатыбыз – ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандарды эрте аныктоо. Алар ооруну башка адамдарга жуктура электе дарылануу иштерин баштоо – биз үчүн чоң ийгиликтерди алып келет.

— Шаршакан айым, маанилүү маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ден соолугуңуз бекем болуп, иштериңизди ийгиликтер жылоолой берсин!

Ысык-Көл облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Шаршакан Огоева ВИЧ-инфекциясын жуктуруп албоо жана анын алдын алуу үчүн ар бир инсандын жоопкерчилиги коомубуздагы маанилүү, кечиктирилгис маселелердин катарында экендигин баса белгиледи.

Раиса Дүйшөнбекова