Ысык-Көл облусуна 1 млн 300 миң турист келген

10-февраль, 2023-ж. / Редакция / Пресс 19

Былтыр 2022-жылы Ысык-Көл облусуна 1 млн 300 миң турист келип, алардан түшкөн салык 61 пайызга өсүп, 216 млн сомго көбөйгөн. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев билдирди. Ушул күндөрдө келерки туристтик мезгилге карата кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан 8 эс алуу пункттарын куруу пландалган. Ошондой эле Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 5 туристтик маалымат борборлорун курууга жер тилкелери аныкталган.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№10 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-февралы

10-февраль, 2023-ж. / Редакция / Пресс 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X