Ысык-Көлдо жол кырсыгынан жаш жигит менен кыз каза болду

Ысык-Көл районунун Корумду айылында 00:47 чамасында “Subaru Forester”, “Аudi A6” жана “Mazda-626” үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу ӨКМ басма-сөз кызматына билдиришти.

«Кырсыктын кесепетинен 20 жашар кыз менен 30 жаштагы жигит каза болуп, 8 адам ар кандай жаракат алган. Жабыркаган жарандар Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилинген», — деп билдиришти мекемеден.

16-август, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Кырсык 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X