"Эркин-Тоо"

Ысык-Көл облусунун тергөөчүлөрү ИИМдин кичи-футбол боюнча чемпионатынын жеңүүчүлөрү болушту

Республиканын ички иштер органдарынын жүздөн ашуун тергөөчүлөрү, тергөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына арналган кичи-футбол боюнча министрликтин чемпионатына катышты. Чемпионатка шаар жана облустардын тергөө кызматтарынын 12 курама командасы, анын ичинде ардагерлер командасы да катышты.

Чемпионатты «Динамо» окуу-машыгуу борборунун стадионунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев, министрликтин тергөө кызматынын башчысы Альтаир Исмаилов жана тергөө кызматынын ардагерлери ачышты.

Мелдеш мини-футболдун стандарттуу эрежелери боюнча өттү. Командалар эки топко бөлүнүп, жарым финалга чыгуу үчүн айланпа система боюнча ойношту. Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү, үчүнчү орун үчүн болгон күрөштө, Ош облусунан келген кесиптештерин жеңе алышты.

Финалдык беттеште болсо, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын ички иштер башкармалыктарынын тергөөчүлөрүнүн курама командалары жолугушту. Оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн баштап, футбол талаасында курч мүнөздөгү оюн орун алды. Биринчи таймдын аягында Жалал-Абад облусунун тергөөчүлөрү 2-0 эсеби менен атандаштарын утуп жатышкан. Бирок экинчи таймда Ысык-Көл облусунун командасынын оюну күчөп, укмуштуудай камбэкке жетише алышты. Экинчи таймда үч жоопсуз гол киргизип, алар жеңишке жетишип, чемпионаттын жеңүүчүсү болушту.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине кубок жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!