Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Жапарбек Ормонов: “БЫЙЫЛ БИЗДИН РАЙОН ҮЧҮН ТАРЫХЫЙ МЕЗГИЛ БОЛГОНУ ТУРАТ”
Өлкөбүздүн “көзүр” аймагы, анан калса курорттук өрөөн катары саналган Ысык-Көл району быйыл кайрадан тарыхый окуялардын чордонунда болгону турат. Алдыдагы эс алуу жана айдап-себүү мезгилин утурлай биз бул сапар район жетекчиси менен кеңири маанайда баарлаштык.
– Жапарбек мырза, ушу тапта Чолпон-Ата шаарына альтернативдүү айланма жолдун курулушу башталганы маалым болду. Аталган жолдун салынышы эс алуу мезгилиндеги автоунаалар тыгынын канчалык деңгээлде чече алат деп ойлойсуз?
– Ооба, ушу тапта өлкө башчыбыз урматтуу Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Тургунбековичтин жетекчилигинде Чолпон-Ата шаарына айланма жол куруу боюнча тиешелүү иштер башталды. Аныгында Чолпон-Ата шаарындагы автоунаа тыгыны — бул бир гана транспорттук эмес, туризмдин имиджине түздөн-түз таасир эткен чоң маселе. Мен бул жолдун салынышын “аймактын дем алуусуна берилген мүмкүнчүлүк” — деп баалайм. Өзгөчө жайкы туристтик эс алуу мезгилинде… Өзүңөргө деле белгилүү болсо керек, ушул убакка чейин Чолпон-Атанын борбордук көчөсү (Совет көчөсү) бир эле учурда бир нече милдетти аткарып келген. Ал транзиттик жол (Караколго бараткандар үчүн), шаардын ички жолу жана жөө жүргүнчүлөр үчүн соода-оюн-зоок зонасы. Пландалган айланма жол бүткөндө Караколго же башка райондорго бара жаткан транзиттик агым (айрыкча оор жүк ташуучу унаалар жана автобустар) шаарга кирбей өтүп кетет. Бул шаар ичиндеги жүктөмдү кеминде 40-50%га жеңилдетет. Буга чейин жайкы сезондо жана ири иш-чаралар (мисалы, ШКУ саммити же Көчмөндөр оюндары) учурунда Чолпон-Ата шаарынын борборунда 1-2 чакырымдык тыгындар кадимки көрүнүш болуп калган. Эгерде борбордук көчөдө кандайдыр бир делегация өтүп жатса же кырсык катталса, бүтүндөй райондун кыймылы токтоп калчу. Эми альтернатива пайда болот. Бул тез жардам, өрт өчүрүүчү унаалар жана коноктор үчүн убакытты үнөмдөө дегенди билдирет. Туристтер үчүн Чолпон-Ата — бул таза аба жана тынчтык. Борбордук көчөдөгү тыгындардан чыккан түтүн жана ызы-чуу эс алуунун сапатын төмөндөтүп келген. Автоунаалардын азайышы шаардын борборун жөө жүргүнчүлөр үчүн жагымдуу кылат. Бул келечекте шаардын борборун жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу аймакка айлантууга жол ачат.
– Быйыл ШКУнун жыйыны, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өлкөбүздө, болгондо да Ысык-Көл районунда өтөөрү белгилүү болду. Мындай ири иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгыңыздар кандай? Коноктор келгиче райондун аймагын “мизилдеткенге” жетишчүдөйсүздөрбү?
– Быйылкы жыл, өзгөчө күз айлары, Кыргызстанда, өзгөчө биздин Ысык-Көл району үчүн тарыхый мезгил болгону турат. Сиз туура белгилегендей, ШКУнун саммити жана VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын өтүшү биздин аймакка туш келип, бүтүндөй дүйнөнүн көңүлү берметтей Ысык-Көлүбүзгө бурулат. Ушу тапта конокторду татыктуу тосуу боюнча даярдыктар бир нече
стратегиялык багытта жүрүп жатат. Тагыраагы, саммит жана оюндар үчүн райондун сырткы көрүнүшү гана эмес, функционалдык абалы да жаңыланууда. Өзгөчө Чолпон-Ата шаарынын ички жолдорун реконструкциялоо жана район аймагындагы айылдардагы жол белгилерин, жарыктандырууну бирдиктүү заманбап стилге келтирүү иштери жүрүүдө. Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданы техникалык кароодон өтүп, Кырчын жайлоосунда этно-айыл үчүн зарыл болгон коммуникациялар (суу, электр энергиясы, байланыш) алдын ала пландалган. Чолпон-Атада гана эмес, райондун кире беришинен тартып ландшафттык дизайнга, гүлзарларга жана сейил бактарга өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Районду иретке келтирүүдөгү эң башкы маселе — бул тазалык. Буга чейин сизге берген маектеримде айтылгандай, саркынды сууларды тазалоочу жайлары жок же талапка жооп бербеген пансионаттарга катуу талаптар коюлган. Даярдык көрүү биз үчүн бир гана жолду шыпыруу эмес, көлдүн тунуктугун сактоо. Бул эки ири иш-чаранын бир убакта өтүшү — чоң жоопкерчилик. ШКУнун лидерлери үчүн Чолпон-Атадагы “Рух Ордо” жана мамлекеттик резиденция жогорку деңгээлдеги коопсуздук талаптарга ылайыкталып жатса, Көчмөндөр оюндары үчүн массалык маданий аянтчалар даярдалууда.
– Район аймагында айдап-себүүгө камылга башталдыбы? Быйылкы айдап-себүү жылдагыдан кандай айырмачылыктар менен өтүшү мүмкүн? Союз убагында кылкандуу дан эгиндери менен өлкөбүздү 40% камсыз кылган аймакта учурда бул жааттагы абал кандай?
– Район боюнча бардык айдоо аянты 27017 жерди түзүп, анын ичинен 25143 сугат жер аянтын ээлейт. Дан эгиндери боюнча күздүк буудай 1861, жаздык буудай 3380, жаздык арпа 5319, сулуу 322 түзүп, жалпы дан эгиндеринин аянты 10882 түздү. Картошка 1683, кант кызылчасы 26, жүгөрү 26, жашылча 258, сафлор 3, көп жылдык чөп 11214 жер аянтын түзүп, бардык себилүүчү аянт 24818га түзөт. 2026-жылга район боюнча жазгы айдап-себүү иштерине карата ички резервде 1-репродукциядагы “Ликомеро” буудайдын үрөнү 25 тонна жана 93800 тонна дизелдик отун даярдалды. Быйыл жылдагыдан айырмаланып, 2026-жылы Ысык-Көл райондук суу чарба башкармалыгы менен биргеликте тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын пайдалануу менен бирге кайрак жана айдоо жерлерди район боюнча 383 гектар жер аянтына пландалууда. Жазгы айдап себүүгө техникалардын даярдыгы соколор 142, үрөн себүүчү техникалар 54, тырмоолор 243, чиркегичтер 169, түздөгүчтөр 26, культиватор 15, арык казгычтар 17, үрөн тазалагычтар 15, семирткич чачкычтар 3, экскаваторлор 56, каз тамандуу тракторлор 28 даананы түздү. Сөздүн кыскасы, биз жазгы айдап-себүүгө кызуу даярдыкта турабыз.
– Өткөн жылы биздин гезитке райондогу Темир айылындагы ичүүчү суу көйгөйүн жазганыбызда маселени өз көзөмөлүңүзгө алаарыңызды билдирген элеңиз. Бул көйгөй дагы деле күчүндө экени жакында белгилүү болду. Маселени кайрадан өз оозуңуздан уксак дейм…
– Таза суу районубуздун негизги көйгөй жараткан маселелеринин бири. Өткөн жылы район аймагындагы Тору-Айгыр, Григорьевка жана Кароол-Дөбө айылдарындагы таза суу системасын толугу менен жаңы орнотуп, элге колдонууга бергенге жетиштик. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүндөгү таза суу системасынын түтүктөрүнүн эскилерин алмаштырып, жаңы түтүктөрдү орноттук. Андан сырткары, район аймагындагы башка айылдардагы таза суу көйгөйүн биротоло чечүү боюнча учурда долбоорлору жасалып жатат. Ал эми сиз сөз кылган Темир айылына токтолсом, 2012-жылы АРИС тарабынан каржыланып айыл тургундарына таза суу берилген. Бирок, долбоордогу резервуар ар бир кожолукка эсептелген эмес. Көчөдөгү колонкага эсептелип 300 м3 резервуар, таза суу линиясы курулган, кийин көчөдөгү колонкалар алынып, ар бир кожолукка таза суу киргенде таза суу жетишсиз болуп калган. Бүгүн Темир айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн кошумча 300 м3 резервуар, системаны ремонт жасоо, суу эсептөөчү счетчик орнотуу үчүн орундуктары менен Садыр Аке айыл өкмөтү тарабынан 1 млн 300 миң сом жергиликтүү бюджеттен каралып, Темир айылынын таза суу системасынын сметасы жасалып жатат. Долбоор болжолдуу 18,0-20,0 млн сомдун тегерегинде болот. Маселе ишке ашса, Кудай буюрса Темир айылындагы ичүүчү суу көйгөйү жолго коюлат.
– Жайкы эс алуу мезгилине карай камылга күчүндөбү? Менимче азыр курорттук аймакта бир гана жайкы мезгилде эмес, жылдын 4 мезгилинде тең эс алуучулар келип жатышат го ээ?
– Абдан туура. Ысык-Көл аймагы акыркы жылдары бир гана жайкы сезон менен чектелбестен, жылдын төрт мезгил бою туристтерди кабыл алуу багытына ишенимдүү кадам таштоодо. Бул өзгөрүүлөр учурдун талабы болууда. Биздин аймакка жылдын төрт мезгил бою эс алуучулардын агылышынын бирден-бир себеби, акыркы жылдары курорттук аймакка түзүлүп жаткан шарттар дагы түрткү болууда деп эсептейм. Анткени, өткөн жылы район аймагындагы муниципалдык жана мамлекеттик пляждар ирээтке келтирилди. Узундугу 20 чакырымдан ашык “Променад” көл жээгин бойлой өткөн веложол, жөө жүрүүчү аллея курулуп баштады. Негизги жолдор, тротуарлар оңдолуп, эс алуучуларга жана жергиликтүү тургундарга бир кыйла шарттар түзүлдү. Ал эми жайкы эс алуу мезгилине даярдыктарды көрүү, КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жана 2022-жылдын 13-майындагы №150 “Ысык-Көл районунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгын, КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы №652 токтомунун, 2023-жылдын 6-июнундагы №322 тескемесинин жана Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 4-февралындагы №17 тескемесинин негизинде иш-чаралар алынып барылууда. Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын №9 протоколунун негизинде 2026-жылга туризмге даярдык көрүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына — бардык эс алуу жайларынын жолдорунун кире бериштерин, жарыктандыруусун жана жашылдандыруусун учурдагы абалга ылайык карап чыгып, даярдоо иштерин азыртан баштап камсыз кылуу боюнча жана КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышын камсыз кылууда натыйжалуу чараларды көрүү боюнча протоколдук тапшырмалар берилди. Айтор, бизде жылдын 4 мезгили бою күнү-түнү тыным жок. Колубуздан келишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче элибиз үчүн бар аракетибизди кылуудабыз.
Калыгул Бейшекеев