Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр–Тамчы айыл аймагынын башчысы Азат ЖАНЫБЕКОВ: “ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТ – АЙМАКТЫН ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮНҮН НЕГИЗИ”
Тору-Айгыр–Тамчы айыл аймагында бюджеттик көрсөткүчтөр туруктуу өсүү жолуна түштү. 2025-жылга карата бекитилген план 94 134,8 сомду түзсө, иш жүзүндө 142 789,7 сомго жетип, аткарылышы 151,6%ды камсыздады. Бул 2024-жылдын 12 айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу бюджетке 49 455,7 сомго көп каражат түшкөнүн билдирет. Өсүү темпи 152,9%ды түздү. Бул сандар жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү туруктуу өсүп жатканын айкын көрсөтөт. Мындай жыйынтык бюджеттик тартиптин чыңдалышын, киреше булактарынын кеңейишин жана жергиликтүү бийликтин системалуу иш алып барып жатканын далилдейт.
Өткөн жылы аймакка тартылган жалпы инвестициянын көлөмү 2 млрд 025 млн 087 миң 526 сомду түзүп, социалдык-экономикалык өнүгүүгө бекем негиз салды. Анын ичинен түрткү берүүчү грант аркылуу 4 221 926 сом, облустук өнүктүрүү фондунан 5 745 600 сом каралган. Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 23 000 000 сом багытталып, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүлдү. Эл аралык долбоорлор аркылуу 1 млрд 970 млн сом тартылып, бул аймакка болгон ишенимдин жана кызматташуунун жогорку деңгээлин көрсөтөт. Мындан тышкары, ар кандай донорлор тарабынан 22 120 000 сом колдоо көрсөтүлдү.
Айыл өкмөт башчысы Азат Жаныбековдун айтымында, мындай жыйынтыктар максаттуу иштин, так пландоонун жана командалык аракеттин натыйжасы. “Жергиликтүү бюджет — аймактын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи. Каржылык туруктуулук болмоюнча, сапаттуу жол, таза суу, социалдык объектилер тууралуу сөз кылуу кыйын. Ошондуктан, биз биринчи кезекте бюджетти чыңдоого, инвестиция тартууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз”,- дейт Азат Жаныбеков.
Тору-Айгыр–Тамчы айыл аймагына Хюндай маркасындагы экскаватор техникасы алынды. Баштапкы төлөм катары 30%ын 3 720 000 сом акча каражатын облустук өнүктүрүү фонду карап, бөлүп берген. Калган акча каражаты лизинг аркылуу 5 жыл ичинде төлөнүп берилет.
Тамчы айылындагы Акеев, Бабаш, Исабеков, Чынгышбаев, Жайлоокеев көчөлөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен асфальт басылды.
Кош-Көл айылына заманбап Спорт комплекс жаштардын демилгеси менен демөөрчүлөр тарабынан 11 000 000 сомго курулуп, ишке берилди.
Тамчы айылындагы жалпы орто билим берүү мектебинин полдорун ремонттоо, тегерегин көрктөндүрүү жана киребериш эшигинин навесинин капиталдык ремонт иштери Үлүштүк дем берүүчү грант жана жергиликтүү бюджет тарабынан каржыланып, мектеп ишке берилди.
Тору-Айгыр–Тамчы айыл аймагында күн нурунан кайра жаралуучу энергия булактарын иштетүү боюнча 2 ири инвесторлор иш алып барууда.
Долбоордун жалпы сметалык наркы 1 млд 300 млн АКШ долларын түзөт.
Кош-Көл айылындагы эс алуу жайларына жана көл жээгине бара турган жолдун бир тарабына жеке демөөрчүлөр тарабынан тротуар төшөлдү.
Тамчы айылына суу эсептегичтер орнотулду.
Сууну пайдалануу көзөмөлгө алынды. Суу акысын төлөө жанданып, ишканага киреше түшө баштады. Кош-Көл айылына келишимдер түзүлүп, киши башына 60 сомдон төлөнө баштады.

Тору-Айгыр айылына демөөрчүлөр тарабынан кичи футбол аянтчасы курулуп, салтанаттуу ачылыш менен эксплуатацияга берилди.
Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Тору-Айгыр айылындагы орто билим берүү мектебинин капиталдык ремонту бүткөрүлүп, эксплуатацияга берилди.
Тору-Айгыр айылында республикалык бюджеттен 62 800 000 сом бөлүнүп, жаңы ичүүчү суу системасы тартылып, пайдаланууга берилди. Долбоордун алкагында суу сактоочу будка орнотулуп, сууну тазалоо үчүн бактерициддик лампа коюлду.
Чырпыкты айылында чоң футбол аянтчасын айланып өтүүчү 216 метр таза суу түтүгү тартылды. Жергиликтүү бюджеттен 146 388 сом акча каражаты сарпталды.
Сары-Камыш айылындагы Алжанбаев көчөсүнө 600 метр аралыктан таза суу түтүгү тартылып келинди.
— Кызыл-Өрүк айылындагы «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборун реконструкциялоо иштери жүрүүдө.
— Кош-Көл айылына SK «Development» тарабынан болжол менен 200 миллион сом каражатына «Гольф курорт» эс алуучу жайдын курулуш иштери уланууда.
Чолпон-Ата РЭС тарабынан Жунушалиев көчөсүнө 630 трансформатор, көчөлөрүнө 70 столба, 2 км кабель орнотулду.