Ысык-Көлдө лыжа базалары курулууда

23-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 28

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев «Мир» телеканалына берген маегинде Кыргызстанда туристтик объекттердин курулушу активдүү жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө, айрыкча аймактарда, мейманканалар көп салынып жатат. Ысык-Көл облусунда ири долбоорлор ишке ашууда, анын ичинде Ак-Суу районунда заманбап лыжа базасы курулууда. Ошондой эле Түп районунда россиялык инвесторлордун катышуусунда дагы бир лыжа базасы салынууда.

Касымалиев белгилегендей, бул аймактарда кар 7 айга чейин жаткандыктан, кышкы туризмди өнүктүрүүгө жакшы шарт бар. Мындан тышкары, Каркыра тарапта тоо кластерин түзүү сунушу каралууда.

Төраганын айтымында, эгер бул долбоорлор бириктирилсе, лыжа трассаларынын узундугу 1000 чакырымдан ашкан ири туристтик кластер түзүлүшү мүмкүн.

23-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X