Ысык-Көл районунда селден жабыркаган жаранды издөө иштери уланууда

6-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 183

Ысык-Көл районунда селдин кесепетинен дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери түнү бою уланат. Издөө иштерине 291 адам жана 20 даана атайын техника тартылды.

Маалыматка ылайык, 5-июнь күнү саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боорунан көчкү түшүп, сел суулары менен кошулган баткак массасы Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымын каптаган. Ошондой эле 1 “Мерседес” жана 1 “Форд Мондео” жеңил унаалары, эки эркек киши менен кошо селдин астында калган.

5-июнь түнкү саат 23:35 чамасында 18 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда экинчи жаранды издөө иштери улантылууда.

Куткаруучулар жана тиешелүү кызматтар окуя болгон жерде үзгүлтүксүз иш алып барууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X