Ысык-Көлдө чычырканакты жок кылгандар 200 миң сом айыпка жыгылышы мүмкүн

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119

Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгиндеги чычырканактарды жана башка табигый өсүмдүктөрдү жок кылгандарга карата жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинде 19-октябрда биринчи окууда жактырылды.

Демилгечилердин маалыматына караганда, көл жээгиндеги чычырканактар экосистема үчүн маанилүү болгонуна карабастан, курулуш иштеринде жана аймактарды тазалоодо жок кылынууда.

Мыйзам долбоорунда Ысык-Көлдүн жээк коргоо тилкесинде табигый өсүмдүктөрдү жок кылууга же бузууга алып келген иштерге тыюу салуу каралган. Анын ичинде пляж жана курулуш үчүн жер тазалоо, рельефти тегиздөө, бадалдардын тамырын жасалма жабуулар менен жабуу жана саздарды кургатуу бар.

Чычырканактарды жок кылгандыгы үчүн 80 миңден 130 миң сомго чейин айып пул салуу, түзөтүү жумуштарына тартуу же эки жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.

Эгер мыйзам бузуу Ысык-Көлдүн суу коргоо аймагында жасалса, айып пул 130 миңден 180 миң сомго чейин жетип, үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралышы мүмкүн.

Ал эми ири өлчөмдө зыян келтирилген учурда 180 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салуу же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.

Мындан тышкары, балыктарга, канаттууларга жана сууга жакын жашаган жаныбарларга байырлаган чөйрө болгон камыштарды, тал бадалдарын жана башка өсүмдүктөрдү жок кылууга да тыюу салуу каралган.

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X