Ысык-Көлдө туристтер үчүн жаңы Rest Point ачылды

26-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 208

Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туристтер жана жергиликтүү тургундар үчүн жаңы Rest Point ачылды. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.

Жаңы жол боюндагы тейлөө объектиси 26-августта ишке берилди. Анын иши менен Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов таанышты.

Rest Point саякатчыларга жолдо эс алууга, санитардык-гигиеналык кызматтарды пайдаланууга жана башка зарыл шарттардан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындай объекттерди аймактарда көбөйтүү туристтик инфраструктураны жакшыртууга жана жол боюндагы сервистин сапатын жогорулатууга багытталган.

26-август, 2026-ж. / Редакция / Аймак 208
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X