Ысык-Көлгө жайкы авиакаттамдардын сезону расмий ачылды

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 279

2026-жылдын 10-июлунда Asman Airlines авиакомпаниясы Kompas туроператору менен биргеликте Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча ушул жайкы сезондогу алгачкы эл аралык каттамын ийгиликтүү аткарды.

Алгачкы каттамдын келиши менен Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы Ысык-Көлгө багытталган салттуу жайкы авиакаттамдардын сезону расмий ачылды.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдү салтанаттуу тосуп алуу аземи уюштурулду. «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын маалыматына ылайык, конокторду улуттук кийимчен кыздар кыргыз элинин меймандостугун чагылдырган өзгөчө маанайда тосуп алышты.

Жайкы учуу программасына ылайык, Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча каттамдар 2026-жылдын сентябрь айына чейин жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Бул каттамдар эки өлкөнүн ортосундагы туристтик жана транспорттук байланышты чыңдоого, ошондой эле Ысык-Көлгө келген эс алуучулар үчүн ыңгайлуу аба каттамын камсыздоого багытталган.

10-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 279
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X