Закир Козубеков, Кочкор районундагы Чолпон айыл аймагынын өкмөт башчысы: Эл эч качан мыкты жетекчилерди унутушпайт экен

Кийинки кезде жетекчилерди ротациялоо жүрүп келүүдө. Бирок, барганынан келгени бат, же бөлөк-бөтөн эл журтка жуурулушуп кеталбай кеп болгондор да арабызда сейрек эмес. Айталык, ар бир айыл аймактарында, шаарларда негизинен көйгөйлөр окшош. Асмандан түшкөн түйшүк кездешпейт. Баягы эле жол, суу, жарыктандыруу, турак жайларга болгон муктаждык, экологиялык жана тазалык тайыздыгы, заманбап техникалардын көздөн учуп тургандыгы, эскилиги жеткен мектептер, кайрадан курулууга тийиштүү социалдык мекемелер, жетишсиз бала бакчалар, медицина жана билим берүү тармактарындагы кадрларга болгон таңсыктык жана башка кемчиликтер кучагын жайып турат. Демек, жасай турган иштер көп, айтканга оңой болгону менен иш жүзүндө аткаруу оор. “Кандай жетекчи жол таап, эл үмүтүн актайт?!” деген суроо туулбай койбойт.
Теңир-Тоо койнундагы Чолпон айыл аймагына ордолуу Ош облусунун Өзгөн шаарынан Закир Ашимович которулуп келгенде: “Алты айга жетпей жүдөп, иштерди илгерилете албай кетет?!” дегендер четтен чыккан. Чындык керек Закир Ашимович чабал жетекчилерден эмес, кайраттуу жетекчилерден белем. Өзгөн балык чарбасында иштеген атасынан таалим алган. Буйрук экен кийин баралына жеткенде Өзгөн балык чарбасын жетектеп, жемиштүү иштеп, оозго алынган. Чарбакерлик шык, жөндөм бала күндөн түптөлгөн. Атасынын: “Айланайын уулум, адам болом десең, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору кой, бийлигиңен пайдаланып, керт башыңдын кулу боло көрбө” — дегени дайыма эсимде. Ырас эле айрым жетекчилердин жеп-ичип, байып, акыры кадыр-барктан кол жууп калганын кимдер билбейт. “Беш кол тең эмес”.
Чолпон айыл аймагынын өкмөт башчылыгына келгенине эки жыл болуп баратат. “Баягы 6 айга жетпей кетет” деген көзү ачыктар терең жаңылышты. Эл менен жуурулушуп иштеп кетти. Эл менен жуурулушуу албетте, жеңил болбоду. Закир Ашимович кайсы гана айылга барбасын, эл менен баарлашпасын көптү көргөн аксакалдар, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун Кочкор элине жасаган ак эмгегин айтышып, ошол мезгилдеги чолпондуктардын эмгектик жетишкендиктерин тегиз эстерине салышып, кайран баатырды катуу баркташарын туйду. Демек, элге-журтка жасаган эмгек эч качан эстен кетпейт турбайбы. “Бетеге кетет бел калат – бектер кетет эл калат” дегендей эле мыкты жетекчилер кеткен менен анын жасаган эмгеги, мээнети ооздон-оозго көчүп кала берет турбайбы.
Закир Ашимович элдин сынына толгон Баатырдын изин чалгандай таасирленди. Эл эсинен эгерим кетпеген чыгаандардын чыйырында кадамдоо үчүн бүткүл күчүн жумшап жатат.

— Закир Ашимович, эки жылга чукул мезгил ичинде эсте каларлык кандай иштерди жасадыңыздар?  

— Кыргыз элинин келечеги туризм менен тыгыз байланышкан. Бейиштей сулуу жерибизди чет элдиктерге таанытуу үчүн татыктуу иш-чараларды өткөрүү зарыл. Ажайып Ара-Көл төрүндө “Согум” фестивалын өткөрдүк. Улуттук тамак аштын таасирин айтып олтурсак, сөз узак. Согум союу кыргыз элинин эчактан берки берекеси. Кийинки муундар билеби? Чынында баары эле биле беришпейт. Себеби, ата-бабаларыбыз жети атадан келаткан салттар унутулуп баратат. «Унутушту» деп ууз муундарга кине коюу жарашпайт. Кайрадан жандандыруу керек. Согумду устукандоо, андан чучук баш болгон улуттук тамактарды жасоо не деген чебердик?! Илгерки Токсонбай, Жүзбай, Сексенбайлардын аталары узак жашаган. Жүз жашында уулдуу болгондугу үчүн уулунун атын Жүзбай койгон. Демек, улуттук согум улуттун ырысы, насиби. Угуту, уюткусу, чың ден соолугу. Азыркы арзан “Тез татымдардын” айынан балдарыбыз чабал болуп калууда. Кафе тамагынан уулангандар уланууда. «Согум” фестивалыбыздын улуттук мааниси мына ушунда жатат. Фестивалдын катышуучуларына «Ормон хан» ордосунда тамак берилди. Чет өлкөлөрдөн келген 35 блогер кыргыз элинин каада-салтын жана сый-урматына тан беришти. Бейиштей жерибиздин меймандары чет өлкөлүктөр туризмдин өнүгүп-өсүүсүнө зор салымын кошот. Алар аралап барган өлкөлөрүнө, дүйнө жүзүнө даңазалайт.. Ааламга кыргыздар жөнүндө жар салышат.
Мына жакында эле “Энелер күнүн” белгиледик. Элдин башын кошкон мындай иш-чаралар, ынтымакты бекемдөөдө чоң роль ойнойт. Мындан ары да эсте каларлык каада-салттар боюнча иштер уланат.

Баса, жакында кытайлык кыргыздардан эки кыз атчан Кыргызстанга миңдеген чакырым жол басып келишти. Алардын кийген улуттук формасы жарашып, кыраан кыргыз элинин улуттук кийимдеринин мыктылыгын далилдеп турат. Мамлекеттик кызматкерлер да улуттук кийим кийишсе деген аруу-тилек бекеринен чыкпагандыр.
Кытайлык кыргыз кыздарга жолугуу үчүн таластык жигиттер Теңир-Тоого келишкен. Биз ошол таластык атчан жигиттерди тосуп алып, сый менен узатып жибердик. Кытайлык кыргыздар менен кандай ынтымакты бекемдөөгө аракет кылсак, ошондой эле өз элибизге жакшы мамиле жасоого тийишпис. “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” экенин унутпасак. Ушундай эсте калар жаңылыктар бизде болуп жатат. Баарына токтоло берсек сөз бөксөрбөс.

— Долбоорлорго да токтоло кетсеңиз?
— Албетте, социалдык курч маселелердин чечилиши биринчи кезекте турат. Чолпон айылындагы К.Акназаров атындагы жана А.Качибеков атындагы орто мектептердин чатыры алмашылды. Ошондой эле «Ак-Чий» орто мектебинин жылытуу системасы толук ишке ашырылды. Ара-Көл айылындагы эски мектептин ордуна 60 орундуу бала бакча салынды. “Нур-Чолпон” бала бакчасы толук капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Ара-Көл жана Туз айылындагы бала бакчаларга эмеректер алынды. Эпкиндиктердин таза сууга болгон муктаждыктары чечилди. Жарыктандыруу да колго алынууда. Чолпон айылындагы Жакып уулу Ташы көчөсүнө жол чырактары орнотулат. Жабдуулары даяр.
Буйруса, Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун 18 чакырымы жарыктандырылат. Заманбап техникалардан экскаватор-140, манипулятор-эвакуатор, Хово (тонар) алынат. Ал эми А.Мааткеримов орто мектебинин жылытуу системасын жаңылоо, Узун-Булак айылынын күн батыш тарабын тосуу, Осоавиахим айылына кичи футбол аянтчасын куруу, Чолпон муниципалдык мекемесин заманбап техникалар менен камсыз кылуу иш жүзүнө аша баштайт. Долбоорлор Теңир-Тоо жана Кочкор өнүктүрүү фондулары жана дем берүүчү гранттар аркылуу каржыланат.
Катар кайрымдуу фондусу жана Республикалык бюджеттен каржылануучу долбоорлор тууралуу да айта кетпесем болбойт. Айталык, Осоавиахим айылына ФАП курулду. Чолпон айылындагы Жакып уулу Ташы көчөсү асфальтталды. Ак-Чий айылында да жарым чакырым жол асфальтталды.

Жанатан бери иш ыкмаңызды байкап олтурсам, Сиз командаңыз менен кеңешип иштерди илгерилетип. өзүм билемдикке жол бербейт экенсиз. Бардык кыймылдарыңыз ачык-айкын жүрүүдө?
— Туура байкагансыз. Ар бир иштин аткарылышы бир эле кишинин колунан келе бербейт. Мен негизинен командама таянам. Тиги же бул маселени чечүү чогуу колго алынганда гана натыйжасын берет. Мисалы, жооптуу катчым Боогачиев Алтынбек билимдүү жигит. Оң колум десем жарашат. Бир эмес, эки диплому бар. Терең билимдүүлөр заманды алга сүрөйт. Санариптешүү, жасалма интеллекттүүлүк доорунда Алтынбектей алтын жигиттер керек. Жергиликтүү депутаттар менен тыгыз иштешебиз. Баарынан да айыл аксакалдары менен баарлашуу мага таасирин берет. Көптү көргөн алар көрөгөч. Уга жүрүү зарыл. Бекеринен мыкты жетекчилер жөнүндө эстерине албаса керек. Айтайын дегеним, ар бир жетекчи элдин эсинде калар жакшы иштерди жасоого тийиш. Эл үчүн ак кызмат кылуудан артык максатым жок.

Айчүрөк Макешова

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X