Жаңы меморандум: Кыргызстан–Корея кызматташтыгы кеңейет

16-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14

Бүгүн, 16-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров кореялык консорциумдун өкүлдөрү менен жолугушту.

Консорциумдун курамына Far East University, Chungbuk Technopark жана HS Solar Energy Co., Ltd кирет. Жолугушууга ошондой эле МК Инвест компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн жана кызматташуунун келечегин талкуулашты. Кыргыз тарап экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы негизги долбоорлорду сунуштады. Өз кезегинде кореялык консорциум билим берүү, технологиялык өнүгүү жана кайра жаралуучу энергия багытындагы демилгелерин тааныштырды.

«Кыргызстан инвесторлор үчүн ишенимдүү өнөктөш болуп саналат. Өлкөдө инвестицияларды коргоо боюнча укуктук кепилдиктер камсыздалып, бизнес жүргүзүү үчүн ачык шарттар түзүлүүдө», — деди Равшанбек Сабиров.

Кореялык тарап биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулук менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык демилгелерди илгерилетүүгө багытталган меморандумга кол коюшту. Ошондой эле конкреттүү долбоорлорду жана өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгууну улантуу боюнча макулдашылды.

16-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 14
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X