"Эркин-Тоо"

ЖАҢЫ ЖОЛ – ПАРЛАМЕНТТИК РЕСПУБЛИКА!

Биз бардыгыбыз чарчадык. Чарчаганыбыздан бизди сактап калчу сыйкырчынын бар экендигине ишенип отурабыз.

Биз 30 жыл президенттер менен күн көрүп келдик.

Бизге жакшы жашоону алып келем деген адамдар кайра эле биздин чөнтөгүбүзгө кол салышты; президенттердин үй-бүлөлөрү гана байып келишти. Эми ал президенттерибиз кайда?

Биздин буга чейинки президенттерибиз жаман жашап жатышабы? Жок.

Биз, кадимки жарандар жакшы жашап калдыкпы? Жок.

Мурункудай эле жашай бергиңиз келеби: диктатура, төңкөрүштөр? Менимче жок деп жооп бересиңер.

Мурунку кетирген каталарыбызды кайра эле кетире беребизби?

Келгиле, эми башкача жолду тандайлы.

Келгиле, 10-январда парламенттик башкаруу формасын тандайлы.

Парламенттик республика качан гана жөнөкөй жарандар партияларга биригип, ал эми партиялар аймактардан өкүлдөрүн шайлаганда гана ишке ашат. Парламенттик республикада президенттин парламентти башкаруусуна жол берилбейт жана парламентке өзүнүн партияларын сунуштабайт. Шайлоодо жеңишке жеткен партиянын лидери премьер-министр боло алат жана мамлекет үчүн толук жоопкерчиликти алат.

Парламенттик башкаруу – гүлдөп-өсүүгө карай жол, президенттик башкаруу – диктатурага карай жол. Парламенттик республиканы танда! Дастан Бекешев.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!