Жакынкы жылдары апааттар менен жаратылыш кырсыктарынын саны өсөт

29-апрель, 2022-ж. / Редакция / Дүйнө 23

Жакынкы жылдары апааттар менен жаратылыш кырсыктарынын саны өсөт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун докладында айтылды.

Маалыматта, жер планетасында жакынкы жылдары апааттар менен жаратылыш кырсыктарынын саны өсө тургандыгы айтылган. 1970-жылдан 2000-жылга чейин дүйнөдө орто эсеп менен 90дон 100гө чейин ар түрдүү кырсык катталганы мисалга алынып, 2001-жылдан 2020-жылга чейин көрсөткүч 350-500гө көбөйгөнү далил катары келтирилген.

Ошондой эле «2030-жылы дүйнөдөгү апааттар 2001-жылга салыштырмалуу үч эсеге көбөйүшү мүмкүндүгү, тагыраагы, жылына апааттар 560ка көп катталышы ыктымал», — делет докладда.

29-апрель, 2022-ж. / Редакция / Дүйнө 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X