Жалал-Абадда 4470 гектар аянттын 3650 гектарынан зыяндуу чегирткелердин личинкалары аныкталды
Өлкө аймагында зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелине карата сандык көрсөткүч боюнча Жалал-Абад облусунда 4470 гектар аянттын 3650 гектарынан зыяндуу чегирткелердин личинкалары аныкталды. Анын 1750 гектар аянтына химиялык чаралар көрүлдү.
Ал эми Ош облусундагы Араван районунун Чек-Абад айыл округунда 450 гектар аянттан зыянкеч чегирткелер аныкталды.
Аталган облустардагы зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин көзөмөлү астында улантылууда.