Жалал-Абадда жол кырсыгынан айдоочу каза болду

6-октябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Кырсык 26

Тогуз-Торо районунун Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 55-чакырымында «Audi-100» унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып сайга түшүп кеткен.

Бул тууралуу ӨКМ пресс-кызматы билдирет.

Кырсыктын кесепетинен унаанын 36 жаштагы каза болгон.

Жерине Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

6-октябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Кырсык 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X