Жалал-Абадда жоокер өзүн төшкө аткан
Жалал-Абад облусундагы Чек ара кызматынын №2027 аскер бөлүгүндө нөөмөттө турган аскер автомат менен өзүн-өзү төшкө аткан. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаракат алган аскер Ноокен аймактын ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер тарабынан ок жоокердин төшүнө тийгендиги аныкталып, анын абалы учурда канааттандырарлык деп бааланууда. Бул факты боюнча азыркы тапта Аскер прокуратурасы тарабынан териштирүү жана текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Чек ара кызматынын берген маалыматы боюнча, аскер 2021-жылдын жаз айларында кызмат өтөөгө чакырылган.
«Ал кызмат өтөөдөн качуу үчүн өзүн-өзү атып алышы мүмкүн. Себеби, акыркы мезгилде психологдун көзөмөлүндө турган»,- деп жазылат Чек ара кызматынын маалыматында.