ЖАМУнун студенти университет үчүн электромобиль жасап чыгарды

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) студенти Алихан Кимсанбаев окуу жай үчүн электромобиль жасап, университеттин тарыхында алгачкы жолу мындай долбоорду ишке ашырды.

Бүгүн жаңы электромобилдин бет ачары болуп, студент өзүнүн эмгегин университеттин жамаатына тааныштырды.

Алихан Кимсанбаевдин айтымында, унааны жасоого эки айдан ашык убакыт кеткен. Ал электромобилдин программалоо иштерин жана техникалык жабдууларын кураштырууну негизинен өзү аткарган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү материалдарды жана жабдууларды сатып алууга университет тарабынан 280 миң сом бөлүнгөн.

Электромобилдин негизги өзгөчөлүгү — электр энергиясы менен иштеши жана күн нурунан энергия алууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги. Жаңы унаа мындан ары университетке келген конокторду окуу жайдын аймагында ташуу үчүн колдонулат.

ЖАМУнун ректору К. Усенов белгилегендей, бул — университеттин тарыхында студент тарабынан ишке ашырылган алгачкы унаа жасоо долбоору. Учурда Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Алихан Кимсанбаевди атайын унаа чыгарган ишканага алып барып, тажрыйба алмашуусун уюштуруу пландалууда.

Ал эми студенттин илимий жетекчиси Жолон Аскаров долбоор келечекте ири инновациялык иштерге жол ачып, жаштардын техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышына байланыштуу ЖАМУнун ректору К. Усенов Алихан Кимсанбаевге, анын илимий жетекчиси Жолон Аскаровго жана студенттин ата-энесине ыраазычылык каттарын тапшырды.

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 115
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X